Экономика министрлиги МБК жана МСК менен биргеликте товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо боюнча конкурс жарыялайт

Новости
11-Январь 2021-ж.
3577

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Мамлекеттик Бажы кызматы жана Мамлекеттик Салык кызматы менен биргеликте товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо боюнча конкурс жарыялайт.

Конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 “Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Улуттук операторду тандоого катышуу үчүн өтүнмөлөр 25.01.2021-ж. - 05.02.2021-ж. Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 4а дареги боюнча (МБКнын административдик имаратында) саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Өтүнмөлөрдү ачуу 08.02.2021-ж. Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 4а дареги боюнча (МБКнын административдик имаратында) 1-этажда, конференц-залда жүргүзүлөт.

Сурап билүү тел: 0(312)51-07-89, 0(312)51-06-51 кош.(163) электрондук почтанын дареги: perspective@customs.gov.kg 

Тандоого катышууга өтүнмөнү даярдоо үчүн маалымат:

Улуттук операторду тандоо Тартиби;

- Тандоонун катышуучуларына коюлган талаптар;

Тандоого катышууга өтүнмө.

Тандоо жүргүзүү тартиби.docx 

Талаптар.docx

Өтүнмө.docx 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу