Кыргыз Республикасында венчурдук инвестициялоо

Новости
06-Январь 2021-ж.
5011

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Улуттук экономиканы өнүктүрүү жана республиканын тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу максатында венчурдук инвестициялоону жөнгө салуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жөнүндө билдирет. Азыркы учурда венчурдук инвестициялоо менен байланышкан мамилелер мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Венчурдук инвестициялоонун өзгөчөлүктөрүн мыйзамдык жактан бекемдөө ички жана тышкы инвесторлорго ресурстарды келечектүү стартап-долбоорлорго, инновациялык технологияларга салууга мүмкүндүк берет.

Венчурдук инвестициялоо - бул жаңы (стартап) же өсүп келе жаткан компанияларды каржылоо үчүн арналган инвестициялар. Венчурдук инвестиция АКШда башталган. АКШнын инновацияга кошкон салымы өтө жогору жана көптөгөн өлкөлөр АКШнын тажрыйбасын колдонуп, венчурдук капиталдык салымдарды өнүктүрүүгө шарт түзө башташты. Улуттук экономиканы өнүктүрүүгө венчурдук инвестициялардын катышуусунун аркасында заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү тармактарды түзүп, илим менен экономиканын реалдуу секторунун ортосунда тез жана натыйжалуу синтезди камсыз кылууга болот. Венчурдук инвестициялоонун объектилери стартаптар болуп саналат. Стартап - бул белгилүү бир көйгөйдү чечүүгө багытталган, революциялык жаңылыктарга негизделген жаңы долбоор.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын азыркы учурдагы ийгиликтүү өсүшү инновациялык технологияларды пайдаланбастан жана бардык жерде жайылтуусуз мүмкүн эмес. Дүйнөлүк тажрыйбаны, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасын талдоо көрсөткөндөй, туруктуу экономикалык өсүш заманбап илимий-техникалык жетишкендиктерди пайдаланууда гана мүмкүн болот. Инновациялык экономиканы түзүү атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүүнүн өбөлгөсү болуп берет. Ушуга ылайык мамлекеттик саясатта инвестициялык өнүктүрүүгө, атап айтканда экономикага венчурдук инвестициялоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Венчурдук инвестициялоонун өзгөчөлүгү - илимий идеялардын эбегейсиз көп чөйрөсү чыныгы жашоодо камтылганда, өндүрүшкө инновацияларды киргизүү.

Маалымат үчүн: Глобалдык стартап-экономика наркы дээрлик 3 триллион долларын түзөт, аны G7 экономикасынын ИДПсына салыштырууга болот. 

Дүйнөдөгү 10 ири компаниянын жетөөсү технология жаатында иштешет - бул дүйнөнүн бардык тармактарындагы алдыңкы компаниялардын эң жогорку концентрациясы - жана 2019-жылы дүйнө жүзү боюнча венчурдук капиталга салынган инвестициялар болжол менен 300 миллиард долларды түздү.

Министрлик венчурдук инвестициялоону жөнгө салуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жарандык коомду, кызыкдар жарандарды тартууга кызыкдар. Сунуштарды daninasyrkul0994@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу