Кыргыз Республикасынын Экономика министринин Жаңы жылдык куттуктоосу

Новости
31-Декабрь 2020-ж.
2547

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Жаңы жыл ар бирибиз үчүн эски жылдын жыйынтыгын чыгарып, келерки жылга жаңы максаттарды коюу мезгили.

Covid-19 дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган адамдардын жашоосун өзгөртүп, дүйнөлүк экономикасын туруксуздаштырды. Пандемия финансы рыноктору, бизнес жана коомчулук үчүн күтүүсүздөн эмес, жакынкы келечекке жаңы артыкчылыктарды аныктоо менен түзөтүүлөрдү киргизген чакырык болду.

2020-жыл социалдык жана экономикалык туруктуулукка терс таасирди азайтуу үчүн жаңы механизмдерди киргизүү сыяктуу шашылыш чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн көрсөттү.

Жаңы жылда биздин алдыбызда туура чечимдерди талап кылган көптөгөн милдеттер турат. Негизги аракеттер ата мекендик ишкерлерди колдоого, экспорттук потенциалды чыңдоого жана сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторун өздөштүрүүгө жумшалууда.

Өтүп бара жаткан жыл оор болду жана көп улуттуу Кыргызстан жоготууларга туш болду.

Биздин элибиз бул сыноолордон татыктуу өтүп жаткандыгы, биз бардыгыбыз жигердүү иштеп, өлкөнүн экономикасын турукташтырууга өз салымыбызды кошуп жатканыбызды белгилөө кубанычтуу. Пандемия менен тирешүү күндөрү биздин жарандар мыкты сапаттарын көрсөттү - бул биримдик жана өз ара колдоо көрсөтүү.

2021-жыл өлкөбүз үчүн, ар бир үй-бүлө үчүн тынчтыктын жана жаратуунун, биримдиктин жана ынтымактын, кайрымдуулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн жылы болсун.

Сиздерге жана жакындарыңызга ден-соолук каалайм!

Урматым менен,

Министр                                                                              С.Т. Муканбетов


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу