Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климат

Новости
30-Декабрь 2020-ж.
12997

Инвесторлор тарабынан чечимдерди кабыл алууда негизги факторлордун бири болуп өлкөнүн инвестициялык климатты саналат. Инвестициялык климат-өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартууда чечүүчү ролду ойногон факторлордун жыйындысы. Саясий туруктуулук канчалык бекем, мыйзамдык база ачык-айкын, салык орточо салык коэффициенти жана жагымдуу жеңилдиктер болсо, инвесторлор үчүн климат ошончолук жагымдуу болот. Инвестициялык оң имиджи калыптанган мамлекеттер бар. ЕБ, Батыш Азия, Түндүк Америка өлкөлөрү инвестициялык жагымдуулуктун эталондору болуп саналат. Кыргыз Республикасы сыяктуу өлкөлөр азыркы учурда аны түзүү процессинде турат жана жыл сайын инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу бөлүгүндө жаңы, прогрессивдүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Азыркы убакта “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы либералдуу мыйзам болуп саналат, ошондой эле инновация жаатындагы жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасы Австрия, Улуу Британия, Германия, Индия, Казакстан, Катар, Түркия, Кытай, Кувейт, Россия, АКШ, Швейцария, Түштүк Корея жана башка мамлекеттер менен 33 эки тараптуу келишим түздү.

Туристтерди тартуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү максатында, Кыргызстан 61 мамлекеттин жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизди.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу экономиканы өнүктүрүүгө жана республикага инвестицияларды тартууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Инвесторлор үчүн берилген шарттар.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу