Экономика министрлигинде видеоконференцбайланыш режиминде Улуттук стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо органдарынын жетекчилеринин видеоконференциясы болуп өттү

Новости
25-Декабрь 2020-ж.
2184

2020-жылдын 22-декабрында видеоконференцбайланыш режиминде стандартташтыруу, метрология жана сертификация жаатындагы макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө Макулдашууга катышкан мамлекеттердин стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси (МАКтын 58-жыйыны) болуп өттү.

МАКтын 58-жыйынына КР ЭМге караштуу СМБнын атынан борбордун директору Б.А.Аданбаев, директордун орун басары М.Н.Капаров жана СМБнын адистери катышышты.

Иш – чара КМШга катышкан мамлекеттердин стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн, КМШ Аткаруу комитетинин жана Бюро тарабынан стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин стандарттары боюнча видеоконференция форматында өттү.

Жыйындын алкагында стандартташтыруу, метрология жана мамлекеттер аралык деңгээлде шайкештикти баалоонун мындан ары өнүгүшүнө байланыштуу 20дан ашык маселе каралды.

2030-жылга чейинки мезгилде МАКты өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун МАКты өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун тармактык планы боюнча жеткире иштеп чыгуу боюнча маселе каралды.

Алсак, 2019-2021-жылдарга мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча программага ошол мезгилге карата жумуштарды актуалдаштыруу менен байланышкан 2-өзгөртүү киргизилген.

Беларуссия, Казакстан, Россия Федерациясы тарабынан иштелип чыккан 200дөн ашуун жаңы мамлекеттер аралык стандарттар (ГОСТ) кабыл алынган, ага Кыргыз Республикасынын экономикалык субъекттеринин адистери - мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин (МТК) мүчөлөрү катышкан. 26 документ жокко чыгарылды.

Катышуучулар мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин ишине көңүл бурушту.

Метрология жаатында бир катар программалар кабыл алынды жана актуалдаштырылды: 2021 - 2025-жылдарга заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин мамлекеттер аралык стандарттык үлгүлөрүн түзүү жана колдонуу боюнча мамлекеттик дирекция, 2021 - 2023-жылдарга ОЭИнин негизги ченемдик документтерин иштеп чыгуу жана кайра карап чыгуу, энергетикалык ресурстарды (суюктуктар жана газдар) өндүрүүнү жана эсепке алууну метрологиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча документтерди, ошондой эле 2021-жылга карата мамлекеттер аралык лабораториялык квалификациясын текшерүү программаларынын планын иштеп чыгуу.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданы кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында шайкештикти баалоо тутумун өркүндөтүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

МАКтын 58-жыйынындагы эң маанилүү окуя - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин сыйлыгын издөө жетинчи конкурсунун жеңүүчүлөрүнө продукт жана тейлөө сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн сыйлык тапшыруу аземи болду. Макулдашууга катышкан мамлекеттердин аймактарында эпидемиологиялык кырдаалдын уланып жаткандыгына байланыштуу, биринчи жолу бул иш-чара өзүнүн маанисин жана салтанатын жоготпостон, видео конференция режиминде өттү. Жеңүүчүлөрдүн катарында Беларустан, Казакстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан турган 14 уюм бар.

КМШнын сыйлыгынын лауреаттары жана дипломанттары наамы Кыргыз Республикасынын төмөнкү ишканаларына ыйгарылды:

-           “Кыргыз Коньягы” ЖЧК - КМШ сыйлыгынын лауреаты;

-           “Эмилия” ЖЧК - КМШ сыйлыгынын дипломанты;

-           “Компания Манас Менеджмент” ЖАК - КМШ сыйлыгынын дипломанты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу