Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын кызматкерлери үчүн окуу циклин аяктады

Новости
28-Декабрь 2020-ж.
2094

2020-жылдын декабрь айында КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, облустардагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын (7 облуста, 40 райондо) кызматкерлери үчүн видеоконференция форматында окутуу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (ЖМА), Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин пландаштыруу 2020-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы №348 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасынын” негизинде жүргүзүлөт.

Жаңы пландаштыруу системасын киргизүү процессин тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы №99 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын салымдары боюнча алардын ишин баалоо үчүн негизги индикаторлордун тизмеcин бекитүү жөнүндө” буйругу менен КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо үчүн негизги индикаторлор бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн Негизги индикаторлордун тизмеси 28ден, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн - 26дан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары үчүн - 31 индикатордон турат. Индикаторлор экономикалык да, социалдык чөйрөнү да камтыйт, ошондой эле алар 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттуу көрсөткүчтөрү менен синхрондоштурулган.

Баалоо жүргүзүүнүн максаты - жогоруда аталган министрликтин буйругу менен бекитилген Негизги индикаторлордун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, МЖАнын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын чаралар комплексин жана тийиштүү пландарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу тартибин бекитүү болуп саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу