БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ИППОДРОМДУ КУРУУ ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЕКЕ ДЕМИЛГЕ ЖӨНҮНДӨ СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ ҮЧҮН ЖЕКЕ ӨНӨКТӨШТӨРДҮ ТАРТУУГА БОЛГОН КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ БИЛДИРҮҮ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ

Новости
11-Декабрь 2020-ж.
2384

Бишкек шаарынын мэриясы МЖӨ борбору менен биргеликте заманбап инфраструктура менен коштолгон жаңы ипподром куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга ниеттенип жаткандыгын маалымдайбыз.

Ипподром Бишкек ш. Термечиков көч. 1 дарегинде жайгашкан. Жер участогунун аянты - 57,4 га.

Жаңы ипподромдун курулушу ат спорту жана башка оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүдө көрүүчүлөрдү жайгаштыруу үчүн орундарды көбөйтүүнү, ат чабыш жана башка улуттук оюндар үчүн жарыш жолун модернизациялоону, рационалдуу транспорттук жана коммуникациялык инфраструктураны түзүүнү, курулуштардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууну ж. б. карайт.

Учурда “Ак-Кула” ипподрому заманбап тенденцияларга жана коомдун муктаждыктарына жооп бербейт, жарандардын ат спортуна болгон кызыгуусу жыл сайын өсүүдө, ал эми акыркы иш-чаралар ири оюн-зоок программаларын өткөрүүгө ипподромдун инфраструктурасы техникалык жактан жооп бербегендигин ачык-айкын көрсөттү.

Бул долбоорду ишке ашырууну мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу менен жүзөгө ашыруу пландаштырылууда.

Бул кулактандыруу Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамынын алкагында жеке демилге боюнча сунуштарды берүүгө кызыкдар тараптарды тартуу максатында берилди.

Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигин эске алып, азыркы ипподромдун ордуна, жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгү аркылуу жаңы ипподромду куруу пландаштырылууда.

Ошентип, бул демилгенин алкагында төмөнкүлөрдү аткаруу пландалууда:

- Авариялык имараттарды бузуу;

- ТЭН, архитектуралык дизайн жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу (Бишкек шаарынын мэриясынын ТЗ УКС ылайык);

- Жаңы ипподромду жана коштоочу инфраструктураны куруу;

Өздүк же карызга алынган каражаттарды пайдалануу менен каржылоону жүзөгө ашыруу;

- Комплекстүү башкарууну ишке ашыруу;

- МЖӨ келишиминин мөөнөтү аяктаганда (30 жылга чейин) жеке өнөктөштөн объектти пайдалануу укугу токтотулат, бирок келишимде каралган учурларда МЖӨ келишиминин мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Долбоордун идеясына жана МЖӨ жол-жоболоруна байланыштуу бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясына же Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы МЖӨ борборуна төмөнкү номурлар аркылуу кайрылсаңыздар болот:

МЖӨ Борбору: (0312) 66-47-81

Бишкек ш. мэриясы: (0312) 97-91-95

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу