Транспорт каражаттарын даярдоочунун (WMI-код) кодун ыйгаруу

Новости
30-Октябрь 2020-ж.
2127

Евразия экономикалык бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жана ата мекендик бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чоң маани берүү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору транспорт каражаттарын даярдоочунун эл аралык идентификациялык кодун (VIN/WMI код) ыйгарууну өздөштүрүп, кызмат көрсөтө баштады.

Автомобилдик инженерлер коомчулугунун эл аралык стандарттарынын жана эрежелеринин негизинде CMБ унаа чыгаруучуларга эл аралык идентификациялык коддорду ыйгаруу эрежелерин иштеп чыгып, бекитти. Жогорудагы эл аралык стандарттардын жана эрежелердин негизинде 2020-жылдын 14-октябрында “Кыргыз Унаа Курулуш” ЖЧКсына WMI (VIN) коду берилген.

Ошондой эле бүгүнкү күндө “Кыргыз Унаа Курулуш” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын аймагында автоунааларды, ИВЛ аппараттарын, SMART (“акылдуу”) эсептегичтерди жана башка жогорку технологиялуу машиналарды жана шаймандарды чыгарууну уюштуруп жаткандыгын маалымдайбыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу