КР Экономика министри С.Муканбетов КР Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт

Новости
23-Октябрь 2020-ж.
2197

Жыл сайын 24-октябрда республикада Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү белгиленет. Быйыл Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору КЫРГЫЗСТАНДАРТТЫН 93-жылдыгын белгилейт.

Азыркы учурда стандарттар ички жана дүйнөлүк рыноктордо продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун жана шайкештигин камсыздоонун кепилдиги болуп саналат. Стандартташтыруунун улуттук системасынын документтерин колдонуу ата мекендик өндүрүүчүлөргө өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө, ишканаларды кайра жабдуу үчүн кошумча стимулдарды түзүүгө, инновациялык технологияларды жана долбоорлорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Элдин жашоосун стандартташтыруунун маанилүүлүгүнө жана коомдук өнүгүүгө көмөктөшүүчү адистердин салымын белгилеп кетким келет. Глобалдашуу доорунда, маалыматтык технологиялардын кеңири өнүгүшүндө, өндүрүштөгү эң татаал технологиялык процесстерде “ишеним” - бул негизги сөз. Стандарттар ишенимди бекемдейт жана экономикалык так өлчөмдөргө, ошондой эле өндүрүүчүнүн, жеткирип берүүчүнүн, кардардын, кызматкердин ишенимине ээ. Мамлекет, коом жана анын жарандары тарабынан стандарттар талап кылынбаган жашоо чөйрөсү дээрлик жок. 

Алар кызматтар менен кошо бизди коштоп жүрөт, алардын негизин түзөт, өндүрүштү өркүндөтөт. Бүгүнкү күндө стандартташтырууну колдонбогон иш чөйрөсүн элестетүү кыйын.

Урматтуу ишкананын жетекчилери, стандартташтыруу тармагындагы адистер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Келечекте Сиздердиндин билимиңиздер, тажрыйбаңыздар, кесипкөйлүгүңүздөр биздин мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө, ата мекендик өнүмдөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына өбөлгө түзүп, тиешелүү деңгээлдеги сапаттын жана жашоо коопсуздугунун ишенимдүү кепилдиги болот деп ишенем.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана жетишкендиктерди каалайм!

Урматым менен Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т. Муканбетов.

СМБ 24.10.2020-ж.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу