Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 047/2018) негизги жоболорун талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү

Новости
23-Октябрь 2020-ж.
1896

2020-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде кеңешме өткөрүлдү, анда Евразия экономикалык бирлигинин “Алкоголдук продукциялардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин (09.06.2010) күчүнө кириши (ТР ЕАЭБ ТР 04/7/2018) жана республиканын алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөрүнүн ТР ЕАЭБдин талаптарын аткарууга даярдыгы талкууланды.

Кеңешмеге республиканын алкоголдук продукцияларды өндүрүүчү ишканаларынын, мамлекеттик органдардын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө өндүрүүчүлөргө коопсуздук талаптары жана шайкештикти баалоо жагынан ЕАЭБ ТР 047/2018 негизги жоболору жөнүндө маалымат берилди. 047 боюнча презентация.pptx


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу