Экономика министрлигинде мамлекеттик органдар жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн ЖСТТ методикасынын бет ачары өтүүдө

Новости
23-Октябрь 2020-ж.
2176

КР Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 “Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө” токтому менен ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун жаңы Методикасы (мындан ары - ЖСТТ методикасы) бекитилгендигин маалымдайт.

Ушуга байланыштуу 2020-жылдын 21-23-октябрларында министрликтин чоң залында мамлекеттик органдар жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн ЖСТТнын жаңы методикасы презентацияланууда.

Аталган ЖСТТ Методикасынын максаты ЖСТТны жүргүзүүдө жана тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоодо иш-аракеттерди так жөнгө салуунун эсебинен ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ЧУАнын жөнгө салуучу таасирин талдоону (ЖСТТ) жүргүзүүнү жакшыртуу болуп саналат.

ЖСТТнын аталган Методикасынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- ЖСТТ жүргүзүүнүн толук жана жарым-жартылай форматтарын өткөрүү ченемдерин тактоо жана жөнөкөйлөтүү;

- ЖСТТ жүргүзүү процессин маалыматтык коштоо;

ЖСТТ жумушчу тобу менен кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүү тартибин, ЖСТТ жүргүзүү процессиндеги талаш-тартыштарды чечүү жол-жобосун жөнгө салуу;

- мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо ЖСТТ кайталап өткөрүү зарылчылыгын баалоо тартибин бекитүү.

Жаңыланган ЖСТТ методикасын колдонуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- ЖСТТ методикасын колдонуп ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоонун сапатын жогорулатуу ЧУАнын долбоорун аргументтөөнү күчөтөт;

- мамлекеттик органдарда ЖСТТ жүргүзүү процессин жөнөкөйлөштүрөт;

- түздөн-түз аткаруучулардын ЖСТТ даярдоо процессин кыйла жеткиликтүү кылат;

- ыйгарым укуктуу органга жүргүзүлгөн ЖСТТга баа берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.                       Жаңы методиканын презентациясы. 22.10.2020-ж..pptx         КРӨнүн 30.09.2020. № 504 токтому.doc


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу