Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Экономика министринин ишкерлер, рынок ассоциациясынын жана оор жүк ташуучу айдоочулар профсоюзунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

Новости
22-Октябрь 2020-ж.
2183

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Экономика министри С.Муканбетовдун Рынок Ассоциациясынын башчысы Д.Дөлөталиева, оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын профсоюзунун төрагасынын орун басары И.Голубев жана башка ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.

Ошондой эле жолугушууга Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары З.Карашев, Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Асылкулов жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 6-департаментинин директору Э.Омуралиев катышышты.

Жолугушууда Кытайдан товарларды импорттоо, айыл чарба жана азык-түлүк товарларын өткөрүү алгоритми боюнча маселелер талкууланды.

Рынок ассоциациясынын башчысы Д.Дөлөталиеванын айтымында, коронавирус пандемиясы башталгандан бери ишкерлер жана оор жүк ташуучулар товарларын ала албай, соода-сатыктын үч мезгили үзгүлтүккө учурап, төртүнчү сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат. Кытай менен чек аранын жабылышы менен ишкерлер беш айдан бери товарларын ала албай жатышат. Биз чек арадан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну жана товарларды алууга жардам берүүнү гана суранабыз - деди Д.Дөлөталиева.

Министр бул маселенин эртерээк чечилишине кызыкдар экендигин жана Кытай тарап менен биргеликте айыл чарба азыктарын жана азык-түлүк товарларын өткөрүү жана Кытайдан товарларды ташып келүү алгоритмин карап, иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди. Өндүрүштүн жана экспорттук-импорттук операциялардын төмөндөшүнө алып келген негизги факторлор, керектөөчүлөрдүн товарларга болгон суроо-талабы, пандемиянын экономикалык кесепеттери болгон жана аны чечүү жолдорун иштеп чыгуу биздин кызыкчылыгыбызда, - деп белгиледи С.Муканбетов.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу