Экономика министрлиги көмүргө карата бааны убактылуу жөнгө салууну киргизүүнү сунуш кылууда

Новости
29-Сентябрь 2020-ж.
2155

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндөгү” токтомун иштеп чыкты, ал 2020-2021-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылууга багытталган. 

Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен өзгөчө режим киргизүү калктын финансылык абалына терс таасирин тийгизгендиктен Экономика министрлиги көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү зарыл деп эсептейт.

Экономика министрлиги жыл сайын монополияга каршы мамлекеттик орган көмүр казуучу ишканалар үчүн көмүрдүн дүң сатуу бааларын белгилейт, бирок баалардын өсүү тенденциясы суук түшкөндө байкалышы мүмкүн деп белгилейт.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларга бааларды 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 “Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен көмүр Кыргыз Республикасынын ички рыногунда убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмесине киргизилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу