КР Экономика министри ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Новости
18-Сентябрь 2020-ж.
2241

Урматтуу ишкерлер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Ишкерлер күнү - кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!


Биздин ата мекендик ишкерлер - өз ишин уюштурууга жана ийгиликтүү өнүктүрүүгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө өз ордун таап, бекем ээлөөгө жетишкен калктын демилгелүү жана энергиялуу категориясы.


Бүгүнкү күндө болуп жаткан бардык объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, сиздер өз ишмердүүлүгүңөрдү талыкпай жүргүзүп, жумушчу орундарды түзүп, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизип, талап кылынган кызматтарды көрсөтүп, социалдык инфраструктураны чыңдап, салыктарды төлөп келе жатасыңар.


Коронавирустук пандемия учурунда медициналык мекемелерди дары-дармектер жана жабдыктар менен камсыздап, баа жеткис жардам көрсөткөндүгү үчүн бардык ишкерлерге ыраазычылык билдиргим келет.


Кыргызстандын бардык ишкерлерине өз күчүн жана кубаттуулугун сактоосун, жаңы компетенттүүлүктү жана билимди топтоосун каалайм. Өз ишин жүргүзүү үчүн шарттар туруктуу болуп, ал эми сиздердин бизнестин кыймылы өлкөнүн кубаттуулугун көбөйтүүгө жана чыңдоого гана багытталсын!


Сиздердин эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Биз жалпы аракетибиз менен Кыргызстанда ишкердүүлүктүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыла алабыз деп терең ишенем.


Сиздерге пландардын ишке ашышын, чың ден-соолук, ийгилик жана өсүп-өнүгүүнү каалайм! 

Урматым менен КР Экономика министри С.Т.Муканбетов


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу