Экономика министрлиги тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Новости
15-Сентябрь 2020-ж.
2031

Экономика министрлиги тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелеринде коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана минималдаштырууга багытталган бир катар ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан.

Акыркы кездерде менчиктештирүү объектилерин баалоо максатында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан тандалган баалоочу уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү баалоо кызматтарынын сапатынын төмөндөшү байкалууда.

Буга байланыштуу “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Өкмөттүн токтомунун долбоору даярдалды, анда мамлекеттик мүлктү баалоо боюнча отчеттордун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу чаралары каралган.

Баалоо уюмдарына штаттагы кызматкерлердин-баалоочулардын квалификациясынын жана кесиптик иш тажрыйбасынын деңгээлине тиешелүү минималдуу талаптарды белгилөө сунушталууда.

Мындан тышкары, соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалоо отчетторун карап чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле, муниципалдык менчикке өткөн мамлекеттик менчик объектилерин натыйжасыз пайдалануу учурларын алдын алуу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, социалдык маанидеги объектилерди жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берүү объектилердин максаттуу багыты сакталып, андан ары сатууга тыюу салынган шартта жүргүзүлөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу