Кыргызстанда электрондук коммерция паркын түзүү пландалууда

Новости
10-Сентябрь 2020-ж.
2579

КР Экономика министри Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын Президенти Айганыш Сапаралиева менен өлкөдөгү электрондук коммерцияны өнүктүрүүнү талкуулады.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргыз Республикасында электрондук сооданы кеңейтүү үчүн мыйзамдык базаны камсыз кылуу, анын ичинде электрондук коммерция рыногунун катышуучуларына салык салуу, ишкерлер жана инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Министр Санжар Муканбетов электрондук коммерция бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты болуп саналаарын жана технологиялык, мыйзамдык жана инфраструктуралык даярдыкты талап кыларын белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан үчүн “Электрондук коммерция паркынын” маанилүү стратегиялык долбоорун ишке ашыруу маселеси да каралды.

Долбоордун максаты - ар түрдүү жана жаңы экономиканын, электрондук коммерциянын өсүшүн стимулдаштыруу, дүйнөлүк рынокторго чыгуу үчүн шарттарды түзүү.

Министр “Электрондук коммерция паркы” долбоорун өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экендигин белгиледи.

“Электрондук коммерция паркы инновациялардын жана билимдин борбору боло алат, Борбордук Азия өлкөлөрүнө багытталган трансулуттук компаниялар үчүн байланыш мейкиндигин түзөт”, - деди министр.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу