Квалификациялык тандоого катышууга чакыруу

Новости
09-Сентябрь 2020-ж.
2454

“Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” Коомдук фонду (мындан ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын ооруканалары үчүн суюк кычкылтекти жана газификаторлорду берүүнүн борборлоштурулган тутумун куруу боюнча жеткирүүчүнү (подрядчыны) тандоо үчүн конкурс өткөрөт.

Ушуга байланыштуу Фонд 2020-жылдын 16-сентябрында саат 12.00 до өтүүчү талапкерлерди квалификациялык тандоого катышууга жана коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат, дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 106, Экономика министрлиги 118-кабинет.

Конкурстук документтерди кароо ушул жылдын 16-сентябрында саат 14.00дө Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин залында өтөт, анын жыйынтыгы бардык катышуучуларга почта аркылуу жиберилет.

Квалификациялык тандоо жүргүзүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча 62-05-35 (кошумча +445, +338) телефону аркылуу (электрондук почта: fond.sprr@gmail.com) же жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча кайрылсаңыздар болот.

Тиркеме:

  1. Конкурска катышуу үчүн чакыруу каты;
  2. Конкурстун катышуучусунун конкурстук табыштамасы;
  3. Конкурстун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар;
  4. Жабдууларга карата минималдуу техникалык талаптар. көчүрүү.docx
  5. Иштин көлөмү. Көчүрүү.rar
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу