Оорукана куруу үчүн жеткирүүчүнү тандоо конкурсуна катышууга чакыруу

Новости
19-Август 2020-ж.
1942

“Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” Коомдук фонду (мындан ары - Фонд) Нарын облусунун Нарын шаарындагы Нарын облустук бириккен ооруканасынын аймагында эксперименталдуу жугуштуу оорулар ооруканасын куруу үчүн жеткирип берүүчүнү (подрядчыны) тандоо үчүн конкурс өткөрөт.

Ушуга байланыштуу Фонд 2020-жылдын 20-августунда саат 10.00 до өтүүчү талапкерлерди квалификациялык тандоого катышууга чакырат, дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 106 (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чакан залы).

Квалификациялык тандоону жүргүзүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча 620535 (кошумча 445) телефону аркылуу (электрондук почта: fond.sprr@gmail.com) же жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча кайрылсаңыздар болот.

Бир документте тиркелген (көчүрүү).docx

Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык Фонду Коомдук фондунун товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптар (өзгөчө шарттар) 3 барак.

- Конкурстук талаптар 1 барак.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу