Кайсы товарлар милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш? – КР Экономика министрлигинин жообу

Новости
29-Июль 2020-ж.
2205

2021-жылдын 1-майынан баштап бир катар аталыштар боюнча маркаланбаган продукцияларды жүгүртүүгө тыюу салуу киргизилет. Тиешелүү өзгөртүүлөр КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-ноябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна киргизилген. Бул токтомго КР Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.

“Өлкөнүн аймагына алынып келинүүчү алкоголь жана тамеки продукциясын милдеттүү түрдө санариптик маркалоо боюнча иштер Жогорку Кеңештин Кубатбек Бороновду кызматка бекиткен жыйынында айтылган”, - деп белгиленет ведомстводо.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун ишке ашыруу алкагында салык саясатынын шайкештигин камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен этикеткаларды эффективдүү киргизүү, ошондой эле COVID-19 коронавирустук инфекциянын таралышы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөртүүлөр иштелип чыккан.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу