ЕАЭБ&COVID: тыюу салуулар жана өз ара алгоритмдер

Новости
28-Июль 2020-ж.
279

Коронавирус Кыргызстандын гана эмес бүткүл мурдагы советтик мейкиндиктин экономикасына да олуттуу таасирин тийгизди. Март айынын башынан тартып, Евразия экономикалык шериктештиги өлкөлөрү коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүгө жана ЕАЭБ экономикалык абалын турукташтырууга багытталган биргелешкен чараларды көрүүдө. КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы интеграциялык бирикменин мейкиндигинде кабыл алынган чаралардын жыйынтыгын чыгарды.

Ошентип, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен жеке коргонуу каражаттарын, коргоочу жана дезинфекциялоочу каражаттарды, медициналык багыттагы продукцияларды жана материалдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Ушул чечимдин алкагында, ошондой эле ички рыноктун муктаждыгын камсыз кылуу максатында Кыргызстанда дары-дармек каражаттары менен медициналык буюмдардын айрым түрлөрүн алып чыгууга убактылуу тыюу салуу киргизилген. Ошону менен бирге коргоочу беткаптарды өндүрүү көлөмүнүн өскөндүгүн эске алып, ата-мекендик ишканаларга медициналык эмес багыттагы коргоо беткаптарын ташып чыгууга уруксат берилген. КР Экономика министрлиги беткаптар жана башка жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүнү кеңейтүүнү колдоого алды, жаңы тигүү цехтери кайра профилдештирилди жана ачылды.

ЕАЭБдин ички рыногунда тартыштыкка жол бербөө максатында азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн алып чыгууга тыюу салуу киргизилген (пияз, сарымсак, шалгам, кара буудай, күрүч, кара күрүч, таруу, акшак, кесек тартылган ун жана дан өсүмдүктөрү, майдаланган гречка даны, гречкадан даяр тамак-аш азыктары майдаланган жана майдаланбаган соя буурчагы жана күн карама даны).

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү азык-түлүк жана керектөөчү товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө алып чыгууга тыюу салган. Ошол эле учурда, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, ички рынокто суроо-талап жок болгон учурда, адистештирилген бөлүмдүн корутундусунун негизинде макарон азыктарынын айрым түрлөрүн жана дезинфекциялоочу каражаттарын экспорттоого уруксат берилген.

ЕАЭБдин алкагында жетишилген макулдашууларга ылайык жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына “жашыл коридорлордо/каттамдарда” белгиленген белгилүү шарттарды сактоо менен кирүүгө уруксат берилген. Кыргызстан бардык өлкөлөр менен товарларды тоскоолдуксуз алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилгендигин белгилеп кетүү зарыл.

Кыргызстан жүк ташуучу унаалардын кыймылы үчүн бир катар алгоритмдерди өз убагында кабыл алды, бул жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тарабынан вирустун башка өлкөлөрдөн ташылып кетишине толук бөгөт болду. Көрүлүп жаткан чаралар ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ички товарларды жана импорттолуучу товарларды экспорттоо максатында эл аралык жүк ташууларды калыбына келтирүүгө өбөлгө түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бул багытта чоң иштерди жасады. Үстүбүздөгү жылдын март-май айында кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүү 2,5 эсеге төмөндөп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 85 838ге караганда, 32 353 жүк ташуучу унааны түздү.

Талкуунун маанилүү учуру ЕАЭБ рыногунда акылга сыярлык атаандашууга гана эмес, жаңы технологиялар жана жаңы жумуш орундары менен өсүүгө мүмкүнчүлүк берген кошумча адистештирүүгө басым жасалгандыгы болду. Ошондой эле 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын алкагында аяктаган өнөр жай жана агроөнөр жай чөйрөсүндөгү инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду белгилей кетүү керек. Күз айларында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчылары бул стратегиялык багыттарды бекитүүгө тийиш.


Онлайн кайрылуу