Казакстан ЕАЭБ келишимдерин сактаган жок

Новости
09-Июнь 2020-ж.

КР Экономика министрлиги маалымдагандай 2020-жылдын 14-апрелинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары товарлардын, анын ичинде социалдык жактан маанилүү товарларды жана азык-түлүк товарларын эркин ташуу принцибин сактоону жактап чыгышты. Бирок казак тарап жүргүзгөн иш-чаралар ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын билдирүүсүнө дал келбейт.

2020-жылдын 3-июнунда “Актилек-авто жолу” КӨПтө жана “Карасу” КӨПтө кыргызстандын жана казакстандын делегацияларынын катышуусунда өткөрүлгөн көчмө кеңешменин жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргызстан тарабынан автотранспорт каражаттарын өткөрүү үч эсе тезирээк ишке ашууда.

Айдоочулардын айтымында, Казакстан Республикасына кирүү 3 суткадан 4 суткага чейинки убакытты түзөт. Кеңешменин жүрүшүндө казакстан тарап алардын күнөөсү менен топтолуп жатканын моюнга алгандыгын белгилей кетүү зарыл. Андан тышкары, 7 өткөрүү пунктунун ичинен 5 пункт жабылышы жөнүндө чечимди казак тарап бир тараптуу кабыл алган.

Жалпысынан, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунан үстүбүздөгү жылдын март-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 85,838 жүк ташуучу унааларга караганда 2,5 эсеге төмөндөп, 32 353 жүк ташылган.

2020-жылдын 24-январынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай участогунда жайгашкан “Торугарт-автожол” контролдук-өткөрүү пункту иштебей турат. Казакстан тарап көмүскө соодага каршы күрөшүүнүн алдында Кыргызстандын экспорту, анын ичинде айыл чарба продукцияларын атайылап тосуп алгандыгы анык.

Бүгүнкү күндө соода эрежелерин бузуу менен Казакстандан Кыргызстанга товар алып келген 2000ден ашык жалган ишкерлер изделүүдө. Бардык фактылар, анын ичинде казакстандык экспорттоочулар тарабынан жалган ишкерлердин дарегине жеткирүүлөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары тарабынан катталган.

Казакстан тарап үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын аймагынан бараткан жүктөрдүн 90 %ы тиешелүү документтерсиз алынып келингендиги жөнүндө маалыматты жарыялагандыгын белгилей кетүү керек. Ар бир табылган учурдун деталдары жөнүндө болгон суроо-талапка карабастан бүгүнкү күндө казакстан тарап маалымат берген жок.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасынын аймагына химиялык заттарды, жарылуучу заттарды, рентген аппараттарын, табигый уран, аскердик курал-жарактар үчүн ок-дарыларын уруксатсыз ташуу боюнча экспорттук контролдун бузулушунун бир дагы факты катталган эмес. КР Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, мыйзам бузуулар 2017-жылдан бери катталган эмес.

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2004-жылдын 28-апрелиндеги 4956-жыйынында кабыл алынган 1540 резолюциясынын 9-пунктуна ылайык ядролук, химиялык же биологиялык куралдарды жана аларды жеткирүү каражаттарын жайылтуу коркунучу менен күрөшүү максатында жайылтпоо жаатында диалогго жана кызматташууга көмөктөшөт.

Бажылык тариздөөдө тобокелдиктин нарктык көрсөткүчтөрүн (ТНК) сактоо боюнча Мониторинг көрсөткөндөй, Кыргызстанда орнотулган ТНК төмөн таризделген товарлардын импортунун көлөмү 850 тоннаны түзгөн, ал эми Казакстанда ушул мезгил ичинде бул көрсөткүч 35 миң тоннаны түзгөн, б.а. Кыргыз Республикасына караганда 41 эсе көп.

ТНК стандарттарын сактабагандыктын себептери жөнүндө Казакстан азырынча жооп бере элек, бирок анын кесепеттери ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттерине бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө терс таасирин тийгизип, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкердик субъекттеринин ортосунда адилетсиз атаандаштыкты жаратууда.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Казакстандын статистикалык маалыматтарынын так эместигин белгилейт, бул эки өлкөнүн өз ара экономикалык соодасынын 10 эселенген айырмасын көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын жана Евразия комиссиясынын расмий статистикалык маалыматтары боюнча 2019-жылы Кыргызстандын Казакстанга экспорту 337,5 млн. АКШ долларын түзгөн.

Ал эми Казакстан Республикасынын статистика боюнча Комитетинин маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстандын Казакстанга импорту 251,9 млн. АКШ долл. түзгөн.

Онлайн кайрылуу