КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы КР Мыйзамынын долбооруна карата өзгөртүү талкууга чыгарылат

Новости
15-Май 2020-ж.
4766

КР Экономика министрлиги “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга чыгарат (мындан ары - Мыйзамдын долбоору).

Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу жана либералдаштыруу максатында иштелип чыккан.

КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамы (мындан ары - ЛУТ жөнүндө мыйзам) лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктоонун принциптерин, критерийлерин, лицензиялоону киргизүүнүн тартибин, лицензиялык талаптарды бузуу боюнча чараларды жана Кыргыз Республикасынын лицензиялык тутумунун башка негизги жоболорун жөнгө салат. Мындан тышкары, бул Мыйзам аркылуу лицензиялануучу иштердин түрлөрүнүн саны кыскарууда. Ушуну менен бирге КР лицензиялук-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу процесси аяктай электигин белгилей кетүү керек.

Каралып жаткан мыйзам долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөр ЛУТ жөнүндө Мыйзамдын лицензияларды жана уруксаттарды реестрден маалымат алуунун тартиби, ошондой эле интернет тармагында жайгаштырылган лицензиялоо жөнүндөгү маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана кайтарымсыз берилиши менен байланышкан жоболору такталат. Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен лицензиялык контролдоого, лицензиянын жана уруксаттын жарактуулугун токтотуунун тартибине, лицензияны же уруксатты жокко чыгарууга карата талаптар конкреттештирилген, мамлекеттик органдардын ишин бир топ тартипке салат жана алдан ала ачык-айкын кылууга мүмкүнчүлүк берет жана тиешелүү түрдө ишкердиктин субъекттеринин ишин жөнөкөйлөтөт.

КР лицензиялык-уруксат берүү тутумун мындан ары оптималдаштыруу жана либералдаштыруу максатында Мыйзамдын долбоору аркылуу төмөнкү лицензияларды жана уруксаттарды жокко чыгаруу каралууда: камсыздандыруу брокеринин ишине; актуардык ишке.

Белгилей кетчү нерсе, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору лицензиялардын жана уруксаттардын бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестрин киргизүү зарылчылыгы караштырылуучу жаңылыктарды камтыйт. Лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү автоматташтыруунун маанилүү максаттарынын бири маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды пайдалануунун негизинде мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине ылайык ушул Мыйзамдын долбоорун коомдук талкуу жол-жобосунан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына 2020-жылдын 18-мартында жайгаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу