Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
17-Март 2020-ж.
4328

2020-жылдын 16-мартында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны (видеоконференцбайланыш режиминде) болуп өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары-ЕЭК) Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө интеграциялык өз ара иштешүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды.

ЕЭК Кеңеши жыйындын жыйынтыгында төмөнкүлөрдү кабыл алды:

- ЕЭК Коллегиясынын макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча кабыл алынган жана пландалган улуттук чаралар, COVID-19 коронавирустун   таркашына байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарларды өз ара соодалашууну жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыздоо боюнча ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте кабыл алынган жана пландаштырылган улуттук чаралар тууралуу маалыматтарды туруктуу негизде ыкчам алмашууну камсыздоо тапшырмасы.

- коронавирустун алдын алуу жана аны таратуу менен күрөшүү үчүн колдонулган айрым бир медициналык товарларга алымдарды жокко чыгаруу же азайтуу. Жакынкы убакта тараптардын эксперттери вирустуу инфекциянын таралышын алдын алуу жана болтурбоо үчүн зарыл болгон товарлардын конкреттүү тизмесин макулдашышат.

Жогоруда аталган актылар COVID-19 жайылышына байланыштуу макулдашылган чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндө армян жана Кыргыз тараптарынын сунуштарын кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган;

- электр кыймылдаткычтары бар мотордук транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымынын коюмун жокко чыгаруу чечими (ЕАЭБ ТЭИ ТН 8703 80 000 2 позициясы). 

Нөлдүк ставка 2021-жылдын декабрына чейин колдонулат жана ЕАЭБте юридикалык жактар да, жеке жактар да электрбиликтерин импорттоодо колдоно алышат. Бул чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет;

- Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин терефтал кислотасына жана анын туздарына карата ташып киргизүү бажы алымынын ченин жокко чыгаруу чечими (2917 36 000 0, ЕАЭБ ТЭИ ТНнын позициясы) 2021-жылдын 31-декабрына чейин.

Бул чара ЕАЭБтин ички рыногундагы терефтал кислотасынын жана туздардын тартыштыгын толуктоо, жеке ишкер полиэтилентерефталатты, ТФК болуп эсептелген чийки заттарды өндүрүү менен алектенген Бирликтин мүчө-мамлекеттеринин ишканаларынын каралып жаткан товарына муктаждыктарын канааттандыруу, импорттук аналогдорго салыштырмалуу Бирликке мүчө мамлекеттердин ишканалары тарабынан өндүрүлгөн полиэтилентерефталат үчүн полиэтилентерефталатты өндүрүүнүн өздүк наркын төмөндөтүү жана Бирликтин ички рыногунда атаандаштык шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган;

- Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин оптикалык булаларды өндүрүү үчүн баштапкы формаларда эпоксиддүү жана полиуретандардын айрым түрлөрүнө карата ташып келүү бажы алымынын коюмун жокко чыгаруу чечими (3907 30 000 0 жана 3909 50 900 0 ТЭИ ТН 2020-жылдын 31 декабрына чейин.

Эпоксиддүү чайырлар жана полиуретандар оптикалык булаларды тартууда коргоочу жабуулар катары колдонулат;

- тышкы экономикалык ишти жөнгө салуу системасында "бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча деталдаштырылган план. Бул документ долбоорду башкаруунун Бирликтин мүчө мамлекеттеринде “бирдиктүү терезе” механизмин өнүктүрүү жана киргизүү боюнча инструменттеринин бири болуп кызмат кылат.

Планды ишке ашыруунун түпкү максаты улуттук “бирдиктүү терезелерди” жакындаштыруунун жана өнүктүрүүнүн уюштуруу-укуктук жана техникалык негиздерин түзүү, ошондой эле алардын өз ара аракеттенүүсүн жана айкалышуусун камсыз кылуу болуп саналат.

“Бирдиктүү терезе” механизмин ишке ашыруу эл аралык соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана бизнести өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй шарттарды түзөт;

- ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдер. Аны электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында коркунучтуу заттарды колдонууну чектөө жана эмерек продукциясынын талаптарын конкреттештирүү боюнча позициялар менен толуктоо пландаштырылууда.

ЕАЭБдин “Электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында коркунучтуу заттарды колдонууну чектөө жөнүндө” техникалык регламентинде коркунучтуу заттардын контролдонуучу номенклатурасы жана буюмдарда алардын кармалышын чектөө боюнча талаптар актуалдаштырылат.

“Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” Бирликтин техникалык регламенттериндеги өзгөртүүлөр пайдалануу чөйрөсүн жана эмерек продукциясына карата, атап айтканда механикалык жана химиялык коопсуздук боюнча айрым талаптарды тактоону болжолдойт;

- ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан сатып алууларды жөнгө салуу тартиби жөнүндө протоколдун 32-пункту боюнча милдеттенмелердин аткарылышын (товарлардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым түрлөрүн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун же болбосо мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндөгү улуттук режимден алып коюунун өзгөчөлүктөрүн белгилөөчү актыларды кабыл алуу жөнүндө кабарлоо бөлүгүндө (ЕАЭБ жөнүндө келишимге карата 25-тиркеме) камсыз кылуу өтүнүчүн камтыган тапшырма.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоору боюнча кезектеги маселелер талкууланды, ал мындан ары Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарында каралат.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны 2020-жылдын 3-апрелинде видеоконференцбайланыш режиминде өтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу