КР экономикасын пландоо горизонтторунун түзүмү жөнүндө: “Тоо экономикасы”

Новости
10-Март 2020-ж.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө альтернативдик мамиленин концептуалдык моделин талкуулоону сунуш кылат: “Кыргыз Республикасынын экономикасын пландоо гаризонтторунун түзүмү жөнүндө: “Тоо экономикасы”.

Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө катары социалдык-экономикалык өнүгүү жана инвестицияларды тартуу үчүн өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ, бул “Тоо экономикасы” принциптерин киргизүүнү талап кылат, анда экологияга этият мамиле жасоо жана капиталдык салымдардын жогорку натыйжалуулугу эске алынат. Жаратылыш Кыргызстанга таза сууну жана ресурстарга бай уникалдуу тоолорлорду берген. Тоолуу аймактарды жана технологияларды өздөштүрүү Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн ачкычы болуп саналат.

Өлкөнүн тоолуу экономикасын пландоо горизонтторунун структурасы суу-жер ресурстарынын потенциалын пайдаланууну болжолдойт, суу энергиянын кайра жаралуучу булагы катары гана пайдаланылбастан, продукциянын өздүк наркынын негизги беренеси болуп саналат жана алдыңкы технологияларды жана ресурстук үнөмдөөнү киргизүүдө экстенсивдүү экономикалык өсүшкө өтүү үчүн негиз болот. Бул айыл чарбасынын керектөөлөрүн гана канааттандырууга мүмкүнчүлүк бербестен, органикалык продукцияны чыгаруу үчүн экологиялык таза кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

“Тоо экономикасынын” принциптери капиталдык салымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет, ал тоолуу инфраструктураны куруу технологияларын өздөштүрүү жана пайдалануу, суу пайдалануу жана жер казынасын пайдалануу менен гана мүмкүн болот.

Азыркы дүйнөнүн ар бир өлкөсүнүн улуттук байлыгынын маанилүү бөлүгү адамдык мүмкүнчүлүк болуп саналат. КРда адам ресурстарынын потенциалы тарыхый процесстерде салттуу түрдө түзүлгөн туруктуу социалдык факторлорго ээ: калктын аймакка байланышы, туугандык байланыштардын туруктуулугу, төрөлүүнүн жогору болушуна жана эмгектин ашыкча болушуна карата. Мамлекет институт катары жагымдуу социалдык климатты түзүү жана колдоо боюнча жоопкерчилик тартат, башкача айтканда жарандардын турмуш-тиричилигинин жагымдуу шарттары үчүн жоопкерчилик тартат.

Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун маалыматтары боюнча жер үстүндөгү суулардын 97% дан ашыгы туздуу жана колдонууга жарабайт. Тузсуз суунун үлүшүнө гана 3% туура келет, анын көпчүлүк бөлүгү мөңгүлөрдө камтылган. Кыргызстанда мөңгүлөр биздин өлкөнүн аймагынын 4% ын түзөт жана алар 8000 гежакын жана 2010-жылга карата мөңгүлөрдүн көлөмү 390 км3 түзгөн, мында 1970-жылдары 493 км3 түзгөн, башкача айтканда мөңгүлөр дээрлик 100 км3 кыскарган. Кыргызстандын бардык мөңгүлөрүндө 580 миллион куб метр суу камтылган - Кыргызстандын 3 метрлик катмарын суу менен камтуу үчүн жетиштүү сан.

БУУнун докладына ылайык акыркы 100 жылда таза сууга болгон муктаждык 6 эсеге өстү, ал эми адамзаттын таза сууга болгон керектөөсү 1% га өсүүдө.

2030-жылдары ичилүүчү суунун булактары жердин калкынын 60% гана муктаждыгын канааттандыра алат. 2050-жылга карата жердин калкы 3 миллиард адамга көбөйөт жана таза сууга болгон суроо-талап 55% га өсөт. Ошентип, 2050-жылы 5 миллиард адам таза суу тартыштыгына кабылышы мүмкүн.

Сунуштарды жана ой-пикирлерди eprimekg@gmail.com электрондук почтага жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Биздин Facebook баракчабыз: @eprimekg 

Расмий сайт: www.economy.kg

Онлайн кайрылуу