КР контролдонуучу продукциялар боюнча Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө өзгөртүү талкууга коюлат

Новости
02-Март 2020-ж.
3862

КР Экономика министрлиги КР аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө тыюу салууну караган КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги “Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР токтомунун долбоорун коомдук талкууга коет.

Ушул токтом долбоорунун максаты жана милдети болуп КР “Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык уран камтылган жана торий катылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү саналат.

Аталган тизмеге табигый уранда болгон мааниде изотопторду камтыган уран сыяктуу, металл, эритме, химиялык же концентрат жана кошулмасы түрүндөгү уран, металл, эритме, химиялык же концентрат кошулмасы түрүндөгү изотоп менен начарлатылган, ошондой эле металл, эритме, химиялык же концентрат кошулмасы түрүндөгү торий сыяктуу ядролук материалдар киргизилген.

Кыргыз Республикасынын “Экспорттук контроль жөнүндө” Мыйзамына ылайык аталган товарлардын импорту, экспорту жана реэкспорту милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш. 


Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынды.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында геологдук издөө, геологиялык чалгындоо иштери менен байланышкан, уран, торий кендерин иштетүүгө, ошондой эле радиоактивдүү калдык сактагычтарды, кен калдыктарын иштеп чыгууга жана аларды андан ары иштеп чыгуу жана кармоо максатында жеке адамдарга берүүгө тыюу салууну карайт.

Ошондой эле мыйзамдын 2-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбей тургандыгы белгиленген.

Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылат.

Токтомдун долбоорун (Көчүрүү).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу