“Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары, 2020 - Улуттук ыктыярдуу серептин (УЫС) долбоорун даярдоо”

Новости
17-Февраль 2020-ж.
4360

2020-жылдын 14-февралында 2030-жылга чейинки мезгил ичинде туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Күн тартиби жана Улуттук ыктыярдуу сереп жүргүзүүнүн долбоорун даярдоо жөнүндө жана өнүктүрүүнүн II Улуттук диалогуна даярдык көрүү алкагында КР Өкмөт үйүндө видео-семинар болуп өттү, анда Экономика министринин орун басары А.Алыбаев чыгып сүйлөдү жана Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун даярдоо жана БУУнун Туруктуу өнүгүү жана глобалдык өнүгүүнүн Күн тартиби менен өз ара байланышынын контекстинде, Кыргыз Республикасынын региондорунун өнүгүүсүнүн улуттук артыкчылыктары жөнүндө презентация жасады.

А.Алыбаев өз сөзүндө мындай жолугушуулар 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында региондордо туруктуу өнүктүрүү демилгелерин алдыга жылдыруу боюнча маанилүү иш чара болуп саналаарын белгиледи. Келечекте мындай жолугушуулар туруктуу өткөрүлүп турушу зарыл жана региондордогу жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча бардык кызыкдар тараптардын аракеттери биригиши жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшү үчүн түрткү бериши керек.

Андан соң социалдык өнүктүрүү, башкаруу, сот, укук коргоо системасын реформалоо, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча жумушчу топтордун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен ТӨМгө жетишүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу чыгып сүйлөштү жана Улуттук ыктыярдуу серептин бөлүмдөрүн даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча айтып беришти.

Ошондой эле республиканын региондорунда ТӨМдү ишке ашырууга жарандык коом уюмдарынын катышуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мониторинг жүргүзүү жана баалоо улуттук тармагынын координатору жана “ТӨМ элчилери” жаштар кыймылынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Бардык презентациялардан кийин өлкөдө ТӨМдү ишке ашыруу боюнча, маалымдуулукту жогорулатуу боюнча, ошондой эле УЫС долбоорунун мазмундуу бөлүгүн региондордун салымын кошуу механизмдери жөнүндө дискуссия уюштурулду.

Жолугушуу оң жана конструктивдүү нукта болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу