Эл аралык рынокто Кыргызстандарттын калибрлөө кызматы

Новости
06-Февраль 2020-ж.
3718

Товарларды дүйнөлүк рыноктун глобалдаштыруусу жана Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жана Евразия экономикалык бирлигине кириши ички рынокто сапаттуу ташып келинген же ата мекендик товарлардын болушу жетишсиз болуп калышына алып келүүдө, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чет мамлекетте да камсыз кылуу маанилүү. 

 

Бул үчүн зарыл звено болуп Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн ченөөлөрдү эл аралык таануу саналат. Мындай шарттарда ченөөлөрдүн тууралыгын, тактыгын жана эл аралык таанууну камсыз кылуу метрология боюнча улуттук органдын негизги милдеттеринин бири жана анын функциясын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбор (КР ЭМ СМБ) аткарат.

 

Бул милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Эм СМБнын эталондук-калибрлөөчү лабораторияларында температуранын, массанын, нымдуулуктун, басымдын, чакан көлөмдөгү, узундуктун, убакыттын жана электр энергиясынын мезгил аралыгын ченөө жаатында эл аралык талаптарга жана методдорго ылайык ченөө каражаттарын калибрлөө ишке киргизилген. 

 

Атап айтканда, КР ЭМ караштуу СМБнын эталондук-калибрлөөчү лабораториялары Германиянын аккредитациялоо боюнча эл аралык DAkkS жана аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитацияланган, аларды өз кезегинде лабораторияларды аккредитациялоо боюнча ILAC MRA эл аралык уюмдары тааныган.

 

Ченөөлөрдүн көрсөтүлгөн түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигине караштуу СМБ эл аралык деңгээлде таанылган ченөө каражаттарын калибрлөө кызматтарын көрсөтөт. Башкача айтканда, КР ЭМ СМБ калибрлөө кызмат көрсөтүүлөрү боюнча эл аралык рынокко чыкты. 

 

Мисалы, КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда башка мамлекеттерден өлчөө каражаттарын калибрлөө кызматтарын көрсөтүү үчүн кайрылат жана бүгүнкү күндө Мисалы, КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун этолондук-калибрлөө лабораториялары тарабынан Россия Федерациясынын (Москва ш.), Өзбекстан Республикасынын (Андижан, Самарканд жана Фергана ш.) компаниялары, Тажикстан Республикасынын метрология боюнча улуттук органы (Тажикстандарт) ж. б. үчүн ченөө каражаттарын калибрлөө жүргүзүлгөн.

 

Калибрлөөнү киргизүү - бул олуттуу, техникалык глобалдык иш, ал Борбор Азияда, ошондой эле жалпы КМШда биринчи жолу Кыргызстанда өздөштүрүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Муну менен калибрлөө кызмат көрсөтүүсүнө чет өлкөлөрдөн да болгон жогорку суроо-талап түшүндүрүлөт.

 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу