Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин абалы жөнүндө

Новости
05-Февраль 2020-ж.
3823

Экономика министрлигинде “Кыргыз Республикасынын Отун-энергетикалык комплекси” темасы боюнча экономикалык саясатка карата илимий мамилени киргизүү боюнча КР Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун иш-чаралар планынын алкагында, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, экономика министрлигинин, илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрүнүн жана эксперттик чөйрөлөрдүн катышуусунда кезектеги жумушчу кеңешме болуп өттү.

 

Экономика министри Санжар Муканбетов жана КР вице-премьер-министринин кеңешчиси Абай Алымкулов сүйлөштү. Экономика министри Санжар Муканбетов өз сөзүндө бул министрликтин академиялык коомчулук менен болгон экинчи кеңешмеси, бул ирет КР энергосектору боюнча тематикалык кеңешме экендигин белгиледи жана илимдин алдыңкы жетишкендиктерине таянган орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик экономикалык саясат иштелип чыгат деген ишенимин билдирди.

 

КР вице-премьер-министринин кеңешчиси Абай Алымкулов мындай кеңешмелерге илимий-изилдөө институттарынын, окумуштуулардын жана мамлекеттик кызматкерлердин, мындан ары да кеңири катышуусуна болгон үмүтүн билдирди жана кыска мөөнөттүн ичинде КР гидроэнергетикалык потенциалын максималдуу пайдаланууга экономикалык саясат концепциясын иштеп чыгуу зарылчылыгын белгиледи.

 

КР ӨЭЖМК алдындагы Энергетика жана экономика институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Шамиль Дикамбаев КР туруктуу энергетикасы боюнча улуттук иш планы жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү.

 

И. Раззаков ат. КМТУнун инженердик-экономикалык факультетинин “Өнөр жай экономикасы” кафедрасынын башчысы Валентина Касымова 2020-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексин өнүктүрүү концепциясынын долбоорун презентация кылды. 

 

КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун алдындагы Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун башчысы Рысбек Сатылканов Кыргыз Тянь-Шандын абалы жана муз тоңуу болжолу боюнча кыскача баяндама берди.

 

Жыйынтыгында КР Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору Алмаз Исанов кеңешменин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, КР гидроэнергосектордун матрицасын презентация кылды, анда электр энергиясын бөлүштүрүү жана керектөө менен генерациялоочу кубаттуулуктарды оптималдаштыруу маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Ошондой эле аталган кеңешмеге КР Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун, КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун, КР УИАнын акад. Дж.Алышбаев ат. Экономика институтунун жана башка эксперттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу