ЖМК өкүлдөрү туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары менен таанышышты

Новости
17-Декабрь 2019-ж.
3897

17-декабрда Бишкек ш. Улуттук ыктыярдуу сереп (УЫС-2020) долбоорун даярдоодо ТӨМдү илгерилетүү каражаты катары 2030-жылга чейинки мезгилде Туруктуу өнүктүрүү тармагында күн тартиби жөнүндө ЖМК маалымдуулугун жогорулатуу максатында ЖМК өкүлдөрү үчүн окутуу семинары болуп өттү.

Семинар КР ПРООНдун жана Кыргызстандын улуттук мониторинг жана баалоо тарамынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулду. Аталган иш-чарага КР мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө ЖМК өкүлдөрүнүн туруктуу өнүгүү максаттары жөнүндө кабардар болуусунун маанилүүлүгүн жана Кыргыз Республикасы тарабынан 2020-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн улуттук ыктыярдуу сереп жана ТӨМ алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарынын дайыма чагылдыруу зарылчылыгын белгиледи. Бул ишке бийликтин бардык бутактары – мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот, ошондой эле жарандык жана бизнес-коомчулук кызыкдар болушу керек.

Кыргызстандагы ПРООНдун жана Кыргызстандын улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын координаторлору Нуршат Абабакиров жана Татьяна Третьякова семинардын катышуучуларын туруктуу өнүгүү максаттары менен тааныштырышты, ал үчүн ТӨМ жетишкендиктерин жана мыкты тажрыйбаларды чагылдыруу керек.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында мамлекеттик органдардын жумушчу топторунун жетекчилери ТӨМгө, социалдык маселелерге, экологияга, айлана-чөйрөнү коргоого мониторинг жүргүзүү жана баалоо маселелери, ошондой эле башкаруу, сот, укук коргоо системасын реформалоо боюнча ТӨМдүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө презентациялар менен чыгып сүйлөштү.

Окуу процессинде семинардын катышуучулары жакырчылыкты жоюу, планетаны коргоо жана дүйнөнүн бардык адамдарына тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттерге универсалдуу чакыруу болгон туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу максаттары менен таанышышты. ТӨМгө жетишүү келечек муундар үчүн жакшы планетаны калтыруу үчүн мамлекеттик органдардын, ЖМК, жеке сектордун, жарандык коомдун жана жарандардын өнөктөштүгүн талап кылат. Бул иштер ушул багытта мамлекеттик органдар, ошондой эле бардык коомчулук тарабынан жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу