Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө

Новости
25-Ноябрь 2019-ж.
4649

2019--жылдын 29-мартында Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген.

Документтин жоболорунда маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби регламенттелет, идентификациялоо каражаттарына карата бирдиктүү талаптар жана аларды товарга түшүрүү, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ортосунда маркаланган товарлар жөнүндө берилүүчү маалыматтардын форматы, курамы жана түзүмү белгиленет. Товарларды маркировкалоо Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин карамагына кирет, ал биримдикке кирген мамлекеттердин сунуштарынын негизинде чечимдерди кабыл алат.

ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо жөнүндө макулдашуунун тартибине ылайык, Россия тарап ЕЭКке бут кийим товарларын, тамеки продукцияларын жана дары-дармек каражаттарын маркалоо жөнүндө сунуш киргизди.

Өткөрүлгөн талкуунун жыйынтыгында 2019-жылдын 8-августунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечими кабыл алынган, ага ылайык, ЕАЭБ мүчө мамлекеттери өз аймагында бут кийим товарларын маркирлөөнүн датасын жана тартибин өз алдынча аныкташат. Ошол эле учурда маркаланбаган бут кийим товарларын жүгүртүүгө тыюу салуу 2020-жылдын 1-мартынан эрте киргизилиши мүмкүн эмес.

Ошондой эле, Россия тараптын сунушу боюнча, 2019-жылдын 18-ноябрында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин шиналарга жана покрышкаларга, атыр жана жеңил өнөр жай продукциясынын айрым позицияларына, фотокамераларга карата каражаттары менен маркалоону караган чечими кабыл алынганын белгилейбиз.

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциялардан коргоо, эсепке алынбаган/контрабандалык алып келүүлөрдү башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында төмөнкү ченемдик укуктук актылар кабыл алынган:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 470 “Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө” токтому;

- 2020-жылдын 1-июлунан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүүнү караган, КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтому.

Жогоруда аталган токтомдордун негизги милдеттери товарларды көзөмөлдөө жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу тутумунун компоненттерин түзүүнү жана киргизүүнү камсыздоо болуп эсептелет.

Токтомдордун ченемдери салык жол-жоболорун электрондук фискалдаштыруунун мамлекеттик маалыматтык тутумун түзүүчү бөлүгү катары товарларды маркалоонун борборлоштурулган автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүүгө багытталган.

Бул токтомдордо идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо бөлүгүндө негизги аныктамалар жана терминдер, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларга катышуучулардын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды өндүрүүдө экономикалык мамилелер жөнүндө негизги жоболор көрсөтүлгөн.

Салык төлөөчүнү идентификациялоо каражаттарын берүү тартиби бекитилди.

Товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жогорку натыйжалуу инструмент болуп саналат.

Ошондой эле, товарларды идентификациялоонун каражаттары менен маркалоонун натыйжалуу системасын киргизүү максатында, 2020-жылдын 1-январынан тартып бут кийим товарларын, алкоголдук жана тамеки продукцияларын ыктыярдуу маркалоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү караган, КРӨ “Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоо боюнча сынамык (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтом долбоору демилгеленгендигин белгилейбиз.

Жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларга ылайык товарларды маркалоонун автоматташтырылган системасын жүргүзүү боюнча жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы аныкталган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу