Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга “жашыл” экономиканы өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Новости
22-Ноябрь 2019-ж.
6670

Бишкекте 2023-жылга чейин эсептелген “Жашыл” экономиканы өнүктүрүү программасына” кол коюлду.

Программа жашыл экономиканын принциптерин жана ыкмаларын киргизүүнүн негиздерин аныктайт, ал келечекте жалпы эле биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыты катары эсептелет. Атап айтканда, аны ишке ашыруу негизги жети багытта жүрөт: “жашыл” шаарлар, “жашыл” айыл чарба, “жашыл” өндүрүш, аз көмүртектүү жана экологиялык таза транспорт, туруктуу туризм жана таштандыларды башкаруу.

“Бүгүнкү күндө “жашыл” экономика – бул дүйнөлүк гана тренд эмес, биздин жашап кетүү жана өнүгүү маселесин аныктаган, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук үчүн актуалдуу чакырык. Кыргызстан бүгүнкү күндө башкарууга өз ыкмаларын активдүү модернизациялайт. Өлкөнүн бардык экономикалык саясатын түзүү үчүн базистик статуска экологиялык түзүүчүнү берүү - бул дагы бир ырастоо. Муну прогрессивдүү жана бир эле учурда биздин келечегибиз үчүн зарыл болгон кадам деп эсептейбиз, – деп билдирди КР Экономика министринин орун басары А. Алыбаев. Бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн "жашыл" экономикага өтүшүнүн конкреттүү кадамдары иштелип чыккты, негизги документтерге кол коюлду, бизди өнөктөштөр активдүү колдошот - ошондуктан биз алдыга коюлган милдеттерди иш жүзүндө ишке ашыруу этабына ишенимдүү өтөбүз”.

Эскерте кетсек, өлкөнүн “жашыл” экономикага өтүү артыкчылыгы Кыргызстан - 2040 өнүктүрүү стратегиясынын узак мөөнөтү да эске алынган. Ал эми кабыл алынган “Жашыл” экономиканы өнүктүрүү программасы” орто мөөнөттүү кадамдарды турмушка ашырууга жардам берет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу