Мамлекеттик органдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү ЖСТТ даярдоо жол-жоболорун окушту

Новости
21-Ноябрь 2019-ж.
4105

2019-жылдын 20-21-ноябрларында Экономика министрлиги “Атаандаштык ишкана” USAID долбоорунун колдоосунда жөнгө салуучу-уруксат берүүчү системаны оптималдаштыруу үчүн (мындан ары-ЖСТТ) жөнгө салуучу таасирди талдоону колдонуу боюнча окутуу семинарын өткөрдү. 

Семинарга мамлекеттик органдардын-лицензиарлардын адистери, ЖСТТ жүргүзүү үчүн функциялык ишке ашыруучу адистер, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана лицензиялардын жана уруксаттардын негизинде өз ишин жүргүзүүчү ишкерлер катышышты.

Баяндамачы катары “Кыргыз Республикасында бизнес-лицензияларды жана уруксаттарды берүү системасын бекемдөө” USAID долбоорунун ЖСТТ боюнча эксперттери - Индира Арунова жана Роза Джайлобаева сөз сүйлөштү.

ЖСТТнын формалдуулугуна айланбаш үчүн Экономика министрлиги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн ЖСТТ даярдоо процедураларына окутуу демилгеленди.

Семинардын катышуучуларына ЖСТТнын колдонулуп жаткан методикасын колдонуунун теориялык жана практикалык көндүмдөрү, ЖСТТ жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдери, ЖСТТ жана ЖСТБ (жөнгө салуучу таасирди баалоо) жана ЖСТТ/ЖСТБ мыкты практикалары менен тааныштыруу болду.

Мындан тышкары, ЖСТТ даярдоонун инструменттери, методдору жана жол-жоболору иликтенип, башкаруу чечимдерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу процессиндеги ЖСТТ ролу жана орду аныкталды, ЖСТТ жүргүзүүнүн этаптары жана ЖСТТ жүргүзүүнүн натыйжалуулугу иликтенди.

Теориялык материалдан тышкары, катышуучулар лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн бир нече түрлөрүнүн мисалында ЖСТТ жүргүзүү жол-жоболорун колдонуу боюнча практикалык тажрыйба ала алышты. Жумушчу топтордун презентациялары: айрым чечимдер терең талдоосуз, мамлекеттин жана жеке сектордун мүмкүн болгон кесепеттерин жана чыгымдарын эске албастан, кабыл алынаарын көрсөттү, бул ыраатсыз жана натыйжасыз чараларды кабыл алууга өбөлгө түзөөрүн; ченемдик актылардын карама-каршылыктарын; ченемдик талаптардын эскиришин; чиновниктердин төмөн жоопкерчилигин ж. б. көрсөтүштү. Мунун бардыгы жалпысынан мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун төмөндөтөт, бизнес үчүн административдик жүктү жогорулатат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу