Экспортерлор-ишкерлер үчүн соода маалымдоо куралы -www.export.gov.kg соода порталы иштелип чыкты

Новости
21-Ноябрь 2019-ж.
4303

Бул тууралуу бүгүн, 2019-жылдын 21-ноябрында, Бишкекте КР экспорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик инвестиция жана инвестицияны илгерилетүү агенттигинин экспортту илгерилетүү жана коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө КР Өкмөтү Экспортту өнүктүрүүгө жана алга жылдырууга өзгөчө көңүл бурууда. Тактап айтканда, агенттик инвестициялар жана соода (экспорт) жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган болуп саналат.

Экспорт жаатында экспортерлордун маалымдуулугун жогорулатуу максатында Агенттик тарабынан ар кандай практикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарында “Экспорт кербени” маалыматтык кампаниясы өткөрүлөт. Аталган иш-чаранын алкагында агенттиктин, сооданы колдоо институттарынын, финансылык институттардын кызматкерлери, көз карандысыз эксперттер өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып чыгышат жана экспорт маселеси боюнча семинарларды өткөрүшөт: ыктыярдуу стандарттар, финансылык жеткиликтүүлүк, бизнес-пландаштыруу, маркетинг, таңгактоо, баа түзүү, тышкы рынокторго талдоо жана стратегия.

Ошондой эле, бул иш-чара агенттикке өз кызмат куржунунун иштеп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк берет, башкача айтканда, экспорттоочулардын муктаждыктарынан тышкары, агенттик бизнеске актуалдуу кызматтарды көрсөтүү үчүн өз ишин пландаштырууда.

Жакынкы арада агенттик “Экспорт кербенин” өткөрүүнү пландаштырууда, бардык экспорттоочулар кызыккан темадагы сурамды 0312 620363 телефону аркылуу калтыра алышат.

Мындан тышкары, Н. Арипов www.export.gov.kg соода порталы иштелип чыккандыгын билдирди, 

Кроме этого, как сообщил Н. Арипов, разработан торговый портал www.export.gov.kg, ал соода маалымдоо куралы болуп саналат, б.а. мында ар бир өндүрүүчү, экспортер аналитикалык маалыматты, эл аралык көргөзмөлөрдүн календарын, бизнес-кызмат провайдерлерин, сатып алуучуларды таба алат, ал эми потенциалдуу импортерлор үчүн ата мекендик экспортерлордун маалыматтар базасы бар, ошондуктан алар бизнес менен түздөн-түз байланыша алышат.

Бүгүн, өндүрүүчү сайттан “Рыноктук мүмкүнчүлүктөрдүн” кыскача аналитикасын, инфографика элементтери бар видеоматериалдарды, “Рыноктун профилинин” аналитикасын, ошондой эле тигүү продукциясынын чет өлкөлүк дүң-чекене соода тармактарынын маалыматтар базасын, Германиядагы потенциалдуу өнөктөш уюмдардын тизмесин таба алат.

Максаттуу рыноктор survey monkey онлайн системасы аркылуу 63 компаниянын экспортерлоруна жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча тандалып алынгандыгын эскерте кетүү керек.

Жогоруда белгиленген бардык иш-чаралар Финляндия Өкмөтү жана GIZ тарабынан каржыланган БУУӨП “Соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Издөө ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, сатып алуучулар жана бизнес-коомчулуктун маселелерин чечүү үчүн Агенттик тарабынан WhatsApp жана Telegram топтору түзүлгөн. Бүгүнкү күндө эки топко 240тан ашуун абонент катталган. Топко кошулууну каалаган экспортерлор 0312 620363 телефону аркылуу байланышууга болот.

2018-жылдан тарта КР ТИМ иштери чет мамлекеттердеги мекемелердин дипломатиялык кызматкерлерин тартуу менен активдештирилди. Экономикалык дипломатиянын алкагында маселелер кыйла ыкчам чечилүүдө.

Агенттик тарабынан “Атаандаштык ишканасы” USAID долбоорунун техникалык колдоосу менен 6-майда Бишкекте Хаят Ридженси отелинде КР Премьер-министри М. Д. Абылгазиевдин катышуусунда “Мыкты экспортер-2018” Улуттук конкурсунун сыйлоо аземи өткөрүлдү. “Кыргыз Республикасынын мыкты экспортеру-2018” Улуттук конкурсунун жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана логотипом “Best Exporter of the Kyrgyz Republic-2018” логотиби менен статуэткалар тапшырылды. Экспорттук ишти жүргүзгөн компаниялардан тышкары, экспортерлордун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги, Катар Мамлекетиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилиги, экспортко дем берүүчү уюмдар сыйланды. Ошондой эле экспортерлордун ою боюнча эң мыкты транспорттук компания “Муза” ЖЧК болду. Жыйынтыгында 35 компания сыйланды. Дипломдордон жана статуэткалардан тышкары Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (JICA) эки жеңүүчүгө: “Биофермер” СТСК жана “Сан Планет Органик” ЖЧК Япониядан окуп келүүгө сертификаттарды тапшырды.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып экспортту илгерилетүү боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Агенттиктин ишинин аркасында ата мекендик экспортерлор Корея, Республикасындагы, Кытай Эл Республикасындагы, Катар Мамлекетиндеги, Россия Федерациясындагы, Казакстан Республикасындагы, ошондой эле Бишкек шаарында Кыргыз-Россия аймак аралык конференциясынын жана “Евразия жумалыгы - 2019” эл аралык форумунун алкагында катыша алышты В2Б жана көргөзмөлөргө катышышты.

B2B, бизнес миссиясына катышууга кызыкдар болгон экспортерлор 0312 620363 тел. аркылуу кайрылууга болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу