Кыргыз Республикасы ДСУ аянтчасында жеке жактардын деңгээлинде кызмат көрсөтүү эрежелерин расмий жарыялоо зарылдыгы жөнүндө билдирди

Новости
01-Ноябрь 2019-ж.
4120

2019-жылдын 28-октябрында Женева ш. ДСУнун штаб-квартирасында кызмат көрсөтүүлөр боюнча өзгөчө милдеттенмелер боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Бул комитеттин ишинин максаты кызматтарды сунуштоо чөйрөсүндөгү милдеттерди оптималдаштыруу жана имплементациялоо, ошондой эле ДСУнун эрежелерин аткарууга мониторинг жүргүзүү боюнча маселелерди иштеп чыгуу болуп саналат.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасы үчүн ДСУга мүчө башка өлкөлөрдүн аймагында Кыргыз Республикасынан келген кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү шарттарын жөнгө салуу маселелеринде ачыктыкты жана айкындуулукту жакшыртуу боюнча маселе өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Кыргыз Республикасы жогоруда аталган чөйрөнү жөнгө салган ДСУнун алкагындагы эл аралык соода эрежелерине айкындуулук жана транспаренттүүлүк киргизүүнүн зарылчылыгы жөнүндө билдирди.

Комитетте талкууланып жаткан биринчи маселе, соода кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ДСУ Макулдашуусунун XVI беренесине ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү чөйрөсүндөгү экономикалык керектөөлөр боюнча тесттерди пайдалануу системасын түшүнүүнү жакшыртуу жана көбүрөөк ачык-айкындуулукту киргизүү ДСУ мүчө-өлкөлөрүнүн зарылчылыгына тийиштүү.

Ошондой эле комитетте өлкөлөр так түшүнүүсүн киргизүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым категориялары боюнча жеткирип берүүнүн 4 ыкмасы боюнча жалпы аныктамаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Комитеттеги талкуу ошондой эле карама-каршылыктар бар болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүнүн алкагында горизонталдуу жана сектордук милдеттенмелердин ортосундагы өз ара байланыштарды терең ачуу зарылчылыгы жөнүндө маселелерге да тийиштүү болду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы чет элдик жарандар үчүн иштөөгө уруксат берүү жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүштү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу