Экономикалык диверсификацияны илгерилетүү боюнча программа жөнүндө

Новости
20-Сентябрь 2019-ж.
4182

Кыргыз Республикасы өнүктүрүү боюнча партерлордон жогорку жеңилдиктүү кредиттер, гранттар, техникалык жардам (жабдуулар, консультанттар, окутуу) түрүндө тышкы жардамды алууда), ошондой эле программалык жардам көрсөтүүнү алат, ага Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) “Экономикалык диверсификацияны илгерилетүү программасы” программасы кирет.

Бул программа соодада жана инвестициялар боюнча атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын камсыздоо жолу менен Кыргыз Республикасындагы туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.

Программа саясаттын же колдонуу чөйрөсүнүн төрт негизги багыттарынан турат: (I) Соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, (II) Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, (III) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, (IV) Тармактар менен байланышкан көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканы диверсификациялоо жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган 20дан ашык иш-чараларды аткарды, анын ичинде:

1. алынган ПЖС+ статусунун алкагында Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттоо үчүн REX системасын башкаруучу орган аныкталды;

2. Авиациялык рынокту либералдаштыруу үчүн “аба эркиндиги” 5-даражадагы режимин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, бул Кыргыз Республикасына өзүнүн туризм, соода жана транспорт логистикасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

3. “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бекитилди. Кепилдик Фонд 500 млн. сомго чейинки суммада капиталдаштырылды.

4. МЖӨ долбоорлорун колдоону жана даярдоону тездетүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча борбор түзүлдү.

5. Кыргыз Республикасында Ишкерлерди тейлөө борборлорун (ИТБ) түзүү жана анын ишин уюштуруу концепциясы бекитилди;

6. КАБ адал аккредитация (IHAF) боюнча эл аралык форумдун толук укуктуу мүчөсү статусун алды;

7. “Бизнести жүргүзүү” рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча 2019-жылга иш-чаралар планы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иш-аракеттер саясатынын матрицасынын бардык иш-чаралары аткарылгандыктан, АӨБ Директорлор кеңеши 2019-ж. 16-сентябрь 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө толук гранттык негизде бюджеттик колдоо бөлүүнү жактырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу