Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин өкүлдөрү, инспекторлор үчүн окуу курсу

Новости
11-Сентябрь 2019-ж.
3966

2019-жылдын 9-11-сентябрларында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору өнөр жайдагы коопсуздук техникасы боюнча жоопкер жана инспекторлор үчүн, ошондой эле стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин өкүлдөрү үчүн окуу курсун өткөрөт. Бул иш-чара Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомунун программасынын алкагында Германиянын ALPHA Consulting GmbH компаниясы менен биргеликте уюштурулган. 

Окуу курсу билим берүү менен байланышкан, инспекциялык ишке, ошондой эле компетенттүүлүктү, билим берүүнү жана окутууну жогорулатууга арналган.

Иш-чарага Мамэкотехинспекциянын, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Комитетинин, “Газпром Нефть Азия” ЖЧК өкүлдөрү, иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин өкүлдөрү катышышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу