Кыргыз Республикасында “Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” GIZ программасы тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан учурдагы иш-чаралар жөнүндө

Новости
06-Сентябрь 2019-ж.
3973

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары Автандил Алыбаевдин GIZ Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын башкаруу комитетинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” GIZ Программасын жетекчиси Йоханесс Кнапп мырза жолугушуунун катышуучуларына 2019-жылдын апрелинде өткөрүлгөн баалоо миссиясынын ишинин натыйжалары, ошондой эле кийинки 2020-2022-жылдарга Программанын негизги артыкчылыктары жана дизайны жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле КРда ишке ашырылып жаткан программа тарабынан берилген иш-чаралар тууралуу өз-ара пикир алышуу болду.

“Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” GIZ Программасынын мурдагы жетекчисинин миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу, жолугушуунун катышуучуларына Программанын жаңы жетекчиси Фелиция Зиег айым тааныштырылды.

Бул жолугушууга чек арада контролдоочу мамлекеттик органдардын - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор, Айыл чарба, Саламаттык сактоо министрлигинин, Бажы, Чек ара кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын өкүлдөрү, ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын бизнес-коомчулугунун, дистрибьюторлор жана жабдып берүүчүлөр ассоциациясынын, айдоочулардын көз карандысыз профсоюзунун өкүлдөрү катышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу