Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө

Новости
05-Сентябрь 2019-ж.
6053

Экономика министрлиги тарабынан ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердиктин түрлөрүн кыскартууну караган, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы “Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору иштелип чыккан.

КРӨнүн аталган токтом долбоору ички рынокту коргоо, ишкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо максатында иштелип чыккан. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги атайын режим салыктардан четтөөнү колдойт жана ак ниет эмес атаандаштыкты жаратат.

Колдонуудагы редакцияда, тизме боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде иштин 83 түрү бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору боюнча ишкердик иштин 22 түрүн кыскартуу сунушталууда, анын ичинен атайын дүкөндөрдө, соода аянты 50 кв.м чейин болгон чекене сатуунун 16 түрү (соода борборлорундагы бутиктерден тышкары).

Мындан тышкары, азыркы кырдаалдарды талдоо көрсөткөндөй, көпчүлүк учурда эсептөө жана көбөйтүүчү техниканы техникалык жана программалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү боюнча иштерде салыктын колдонуудагы ставкаларынан (пайдага салык жана сатуудан алынуучу салык) белгиленген патенттин суммасы салык салынуучу кирешенин суммасына ылайык келбейт. Буга байланыштуу иштин бул түрү тизмектен да чыгарылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу