Экономика министрлиги KOICA менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады

Новости
19-Июль 2019-ж.
3600

2019-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин вице-президенти Пак Джешин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр С. Муканбетов, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жардам көрсөткөндүгү үчүн Корея эл аралык кызматташтык агенттигине (KOICA) ыраазычылыгын билдирди.

Министр “Түндүк” долбоорунун натыйжалуу ишке ашырылышын өзгөчө белгилеп, бул долбоордун мындан аркы колдоолоруна ишенимин билдирди. Ошондой эле “Менин айылым” долбоорунун ийгиликтүү ишке киргизилиши жөнүндө белгиленди. Аталган долбоорлор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына толук өлчөмдө шайкеш келет.

КР Экономика министрлиги кыргыз тараптан KOICAнын контр-өнөктөшү болуу менен, Кыргыз Республикасында KOICA офисинин толук кандуу иштөөсү жана KOICA долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтөт - министр. 

Өз кезегинде KOICA вице-президенти Пак мырза Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери үчүн жыл сайын стажировкаларды уюштуруу алкагында техникалык жардам программасынын маанилүүлүгүн белгилөө менен мындан аркы үзүрлүү жана натыйжалуу кызматташууга болгон үмүтүн билдирди.

Ушуга байланыштуу вице-президент стипендиялык программалар боюнча квоталарды бекитүү жана көбөйтүү менен KOICA линиясы боюнча мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо программасы боюнча ишти активдештирүүнү сунуштады, бул Корея Республикасынын алдыңкы университеттеринде мамлекеттик башкаруу, экономика жана финансы, маалыматтык технологиялар, өнөр жай жана энергетика, курчап турган чөйрөнү коргоо багыттары боюнча билим алууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат.

Корея Республикасы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу боюнча лидерлердин бири экендигин эске алуу менен, министр С. Муканбетов бул жаатта кызматташууну бекемдөөгө жана МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Кореянын тажрыйбасын изилдөөдө кызыкдар экендигин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу