“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Новости
21-Июнь 2019-ж.
2220

2019-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеште “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору эки жактуу түшүндүрмөлөрдү алып салуу жана КР “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө”, “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.

Бул долбоор менен алкоголду аныктоо бөлүгүндө ар түрдүү терминдер: “алкоголь”, “сыра”, “алкоголдук буюмдар” деген терминди “алкоголдук продукция” унификацияланган терминге алмаштыруу сунушталды.

Ошондой эле “Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бирин-бири кайталаган ченемдер жок кылынат.

Мыйзам долбоору менен Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл текст боюнча “жарнак”, “жарнактоону”, “жарнактала”, “жарнактоого”, “жарнакталган” деген сөздөр ар түрдүү жөндөмө жана сандык формалардагы “жарнама”, “жарнамалоону”, “жарнамалана”, “жарнамалоого”, “жарнамаланган” деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу