E-commerce and FinTech Hackathon 2019 жыйынтыгы чыгарылды. Эки команда “Элкарттан” акчалай байге алышты

Новости
17-Июнь 2019-ж.
2440

Бишкекте E-commerce and FinTech Hackathon 2019 масштабдуу иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылды. Эки күн ичинде ар түрдүү тармактагы жаш адистер IT-чечимдеринин жардамы менен Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүүчү долбоорлор боюнча иштешти.

ОФ KG Labs негиздөөчүсү Азиз Солтобаев белгилегендей, башында 170тен ашык өтүнмө түшкөн, алардын ичинен 80 адам тандалып алынган.

“14-июнда 12 команда түзүлгөн, бирок өткөн эки күндүн ичинде айрым идеялар жокко чыгарылган. Финалга 7 команда жетип, алар бүгүн даяр прототиптерди сунушташты. Бул эки күн каныккан күн болду. Балдар түнү менен уктабастан, талыкпай эмгектеништи, тарбиячылар менен тыгыз кызматташып, өз идеяларын жакшыртышты” - А. Солтобаев.

Командалар судьяларга ар кандай долбоорлорду – насыя алууга, товар жеткирүү үчүн курьер табууга, айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр үчүн кардарларды табууга мүмкүндүк берүүчү тиркемелерди жана сайттарды, интернет-дүкөндөр сунуштаган көптөгөн товарлардын арасынан керектүүсүн тандап алууга мүмкүндүк берүүчү телеграмм-ботторду көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөрдү калыстар тобунун сегиз мүчөсү тандады, алардын арасында эл аралык эксперттер, ошондой эле Кыргыз компанияларынын – Жогорку технологиялар паркынын, “Элкарт” УТБ өкүлдөрү бар.

E-commerce and FinTech Hackathon 2019 калыстар тобунун мүчөлөрүнүн баалоо жыйынтыгы боюнча RofDev командасы “AgroSale” долбоору менен жеңүүчү деп аныкталды. Балдар Айыл чарба азыктарына өтүнмөлөрдү тариздөө үчүн жумушчу сайтты көрсөтүштү, ал эми фермерлер коммерциялык банктарга насыяга өтүнмө бере алышат. Ошондой эле анда айыл чарбасына тиешелүү статистикалык маалыматтар жарыяланып турат. Команда өз долбооруна “Элкарт” төлөм системасын интеграциялоого үлгүрдү.

Экинчи орунду “Тосты” командасы ээледи, ал керектөөчү насыя алуу боюнча долбоорду сунуштады. Алардын идеясы: интернет-дүкөндөр аркылуу белгилүү бир товарга займ кардар тарабынан таризделет. Адам тигил же бул товарга насыя берүүнүн пайдалуу шарттарын өзү аныктайт, ал эми система кардар тарабынан катталган шарттар боюнча каражаттарды берүүгө даяр банкты тандайт.

Биринчи команда 130 миң, ал эми экинчи команда 70 миң өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.

E-commerce and FinTech Hackathon 2019 - 14-июндан 16-июнга чейин Бишкекте “Ололохауз Эркиндик” жана Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу болуп, “Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташуу боюнча коому) Программасынын жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК (“ЭлКарт” УИП) финансылык колдоосунда ОФ KG Labs саналат.

Ошондой эле Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы да өнөктөштөрдүн катарын толукташты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу