E-commerce and FinTech Hackathon 2019 Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн стимул болот

Новости
15-Июнь 2019-ж.
2163

Бишкекте E-commerce and FinTech Hackathon 2019 масштабдуу иш-чара старт алды. Бул программалоо боюнча марафондун бир, анда 80 адам 54 саат бою Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн IT – чечимдерин издешет. 

Хакатондун ачылыш аземине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, иш-чаранын өнөктөштөрү катышты. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров E-commerce and FinTech Hackathon 2019 Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн стимул болот ишеним билдирди.

“Экономика министрлиги үчүн электрондук коммерция төмөнкү аспектилерде кызыктуу: заманбап технологиялардын эсебинен экспорттун көлөмүн жогорулатууга болот; креативдик экономиканы өнүктүрүү, жаңы бизнес-идеяларды каржылоо үчүн венчурдук Фондду түзүүнүн үстүндө ойлонуудабыз. Бардык ушул маселелер боюнча бизге жакшы IT-кадрлар керек” –деп белгиледи Э. Абакиров.

“Хакатондор бул –келечекте ийгиликтүү стартаптарда өсүп чыга турган прототиптерди даярдоо боюнча фабрика. Бул жолу Хакатонго мамлекеттик органдар жана донорлор тартылган, алардын катышуусу менен электрондук коммерциядагы көйгөйлөрдү талкуулоо боюнча бир нече ай өткөн. Кийинки күндөрү адистер-дизайнерлер, программалык жана мобилдик камсыздоону иштеп чыгуучулар, ошондой эле башка чектеш кесиптердин өкүлдөрү биргелешкен аракеттер менен электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жардам бере турган бизнес-моделдерди иштеп чыгат”, - деп ОФ KG Labs негиздөөчүсү, иш-чаранын уюштуруучусу Азиз Солтобаев белгиледи.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шантемиров, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мурдагыдан да санариптик трансформация боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин саясий колдоосу байкалгандыгын белгиледи.

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун директору (“Кыргызпатент”) Улан Сыдыков өз кезегинде жаш адистерди инновациялык долбоорлордун ар жылдык конкурсуна катышууга чакырды.

Кыргызпатент” жыл сайын мыкты инновациялык долбоорго сынак өткөрөт. Акыркы жылдары 10 долбоор 6 млн. сомдон ашык каржыланды.

Ачылыш аземинен жана командалар өз идеяларын сунуштагандан кийин, Улуу Британиядан, Чехиядан жана Украинадан келген, ошондой эле ата мекендик IT - чөйрөсүндөгү адистер тарбиячылардын - эксперттердин жетекчилиги астында, өз бизнес-идеяларынын жумушчу прототибин түзүүнүн үстүндө иштөөгө киришишти. 

Бул күндөрү чакырылган эксперттер ошондой эле төмөнкү темалар боюнча панелдик талкуу болду:

Электрондук коммерцияда акча иштеп табууну кантип баштоо керек

- IT стартап-долбоорунда кантип ийгиликтүү болуу керек жана инвестицияны кантип алуу керек?

- Чет өлкөлөр аралык жана эл аралык соодада технологияларды өнүктүрүү.

E-commerce and FinTech Hackathon 2019 - 14-июндан 16-июнга чейин Бишкекте “Ололохауз Эркиндик” жана Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада болуп өттү.

Иш-чаранын уюштуруучусу болуп, “Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташуу боюнча коому) Программасынын жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК (“ЭлКарт” УИП) финансылык колдоосунда ОФ KG Labs саналат.

Ошондой эле Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы да өнөктөштөрдүн катарын толукташты.

ГКИТиС “Digital CASA – КР” долбоору иш-чарага маалыматтык колдоо көрсөттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу