IPO мамлекеттик компаниялардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу

Новости
13-Июнь 2019-ж.
4504

2019-жылдын 13-июнунда КР Экономика министрлигинде, министрдин орун басары Эльдар Абакировдун, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, мамлекеттик компаниялардын, “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК жана брокердик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда IPO мамлекеттик компаниялардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентация болду.

Lloyds Banking Group улук менеджери, көз карандысыз директорлордун Россия ассоциациясынын мүчөсү Ринат Абдрасилов презентациялоодо, IPO мамлекеттик компанияларды капиталдаштыруунун өсүүсү жана финансы рыногун өнүктүрүү үчүн инструмент катары кароо маселеси азыркы күндө актуалдуу экендигин белгиледи.

Кыргызстандагы ишкердик чөйрөнүн учурдагы абалын жана корпоративдик сектордун өнүгүүсүн белгилөө менен Улуу Британияда инвестициялоону баштоо тажрыйбасы жана чет өлкөлүк инвестициялык компаниялардын инвестициялык чечимдерди кабыл алуудагы аныктоочу себептери жөнүндө айтып берди.

Презентациянын жыйынтыгында мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун деңгээлин жогорулатуу маселелери, ата мекендик жана чет өлкөлүк фондулук рыноктордо IPO жүргүзүү көйгөйлөрү боюнча пикир алмашуу орун алды.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик органдардын биргелешкен күч-аракеттерин активдештирүү, мамлекеттик компанияларды башкаруу органдарына кадрларды тандоонун жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуунун колдонулуп жаткан системасын кайрадан карап чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларынын, корпоративдик башкаруу жаатындагы көз карандысыз эксперттердин катышуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле Р. Абдрасилов мырзага берилген маалыматтын актуалдуулугу жана өз убагында берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу