Экономика министрлигинин жамаатына жаңы министр Санжар Муканбетов тааныштырылды

Новости
30-Май 2019-ж.
7656

Бүгүн, 2019-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун катышуусунда министрликтин жамаатына жаңы министр Санжар Муканбетов тааныштырылды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын Экономика министри болуп дайындалды.

Вице-премьер-министр З. Аскаров жаңы Экономика министри Санжар Муканбетовду мамлекеттик кызматта тажрыйбасы бар, эмгек жолун жетектөөчү адистен баштап башкармалыктын начальниги, министрдин орун басары, вице-премьер-министр, КР Өкмөтүнүн ар кандай мамлекеттик түзүмдөрүндө, ведомстволорунда иштеген адам катары тааныштырды.

Ак ниет жана кынтыксыз эмгеги, республиканын экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон жеке  салымы, иште демилгелерди, кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн КР Экономика министрлигинин “Экономиканын отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Санжар Муканбетов мамлекеттик кызматта иштеген убакта максаттуу түрдө, экономикалык кайра түзүүлөрдү ишке ашырууда рыноктук мамилелерди орнотуу үчүн шарттарды түзгөн. Вице-премьер-министр, Санжар Муканбетов мындан ары да өз күчүн, кесиптик билимин жана тажрыйбасын алдыга коюлган тапшырмаларды татыктуу аткаруу үчүн колдонот деп ишеним билдирди.

Өз кезегинде Санжар Муканбетов көрсөтүлгөн жогорку ишеним үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө багытталган бардык милдеттер мындан ары да алдыга жыла тургандыгын белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу