Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү каржылоо долбоору жөнүндө

Новости
24-Май 2019-ж.
4304

2019-жылдын 24-майында КР Экономика министрлигинде “Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү каржылоо” долбоорун тааныштыруу жана маалыматтык коштоо максатында презентация болуп өттү.

2019-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиев иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна кол койду.

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, тамак-ашты кайра иштетүү чөйрөсүндө жана тигүү тармагында өндүрүштүк-өнөр жай ишин жүзөгө ашыруучу ишкер субъекттерине жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыя каражаттары берүү аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашыруу өнөр-жай чөйрөсүндөгү субъектеринин жалпы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле натыйжалуу механизмдерди түзүүгө, аларды финансылык колдоо негизинде жергиликтүү рынокко жана экспортко келип түшүүчү продукциялардын көлөмүн жана сапатын жогорулатуунун эсебинен республиканын экономикалык потенциалынын мындан аркы өсүшүнө өбөлгө түзөт – деп билдирди министрдин орун басары.

Ошондой эле, долбоорду каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин эсебинен жана финансы-кредиттик уюмдарынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырыла тургандыгы белгиленди.

Насыянын акыркы пайыздык чени:

- тамак-аш кайра иштетүү жана тигүү тармагы боюнча ишкердиктин бардык субъекттери үчүн жылына 10%;

- Кыргыз Республикасынын аймактарындагы ишканалар үчүн КНСтин нөлдүк коюму боюнча чет өлкөлөрдүн рынокторуна жеткирилип берилүүчү продукцияларды өндүрүүчүлөр үчүн жылдык 8%.

Насыянын мөөнөтү: 

Жүгүртүү каражаттарына 36 айдан ашык эмес жана негизги каражаттарга 60 айдан ашык эмес. Жеңилдетилген мезгил негизги сумма боюнча 6 айга чейин.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу