Мамлекеттик гарантияларсыз суу менен камсыздоо жана ирригация системасын жакшыртуу, акылдуу шаарларды өнүктүрүү жана бизнести насыялоо – ЕРӨБ менен кызматташтыкта өлкөнү өнүктүрүү үчүн жаңы долбоорлор

Новости
15-Май 2019-ж.
4447
Өткөн жумада Сараево шаарында жыл сайын өтүүчү ЕРӨБ  өлкөлөрдүн жетекчилеринин жолугушуусу
 болуп өттү. Кыргызстандын атынан КР Экономика министри Олег Панкратов катышты.

Жолугушуунун негизги иш учурларынын бири 2021-2025-жылдарга карата ЕРӨБ стратегиялык жана капиталдык базасын даярдоо долбоорун талкуулоо болду.

Министр өз сөзүндө ЕРӨБ тарабынан өнүгүп жаткан инфраструктура жана биздин өлкөнүн калкынын жашоо сапатын жакшыртуучу катары жүргүзүлүп жаткан демилгелердин жогорку натыйжалуулугун баса белгилеп, ЕРӨБ болгон өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү сунуштады.

Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири катары жергиликтүү жеке ишканаларга түз кредиттөөнүн программасын атады жана өлкөнүн туруктуу рыноктук экономикага өтүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Программа мамлекеттик - жеке өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтүүдө жана жакынкы арада ата мекендик ишкерлерге да эң тайманбас жана масштабдуу өндүрүштүк демилгелерди турмушка ашырууга мүмкүндүк берет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан үчүн суу менен камсыздоону жана ирригацияны жакшыртуу боюнча социалдык маанилүү жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу келишимдерге жетишилди. “Айыл-чарба инфраструктурасынын обьектилерин, анын ичинде ирригациялык курулуштарды реконструкциялоо жана куруу аркылуу биз: ички жана тышкы миграция жана бирдей ылдамдыкта өнүккөн экономикалык өнүгүү сыяктуу бир катар өзөктүү проблемаларды чечүүнү пландаштыруудабыз” – деп Панкратов белгиледи.

Жакынкы келечекте ЕРӨБ сунуштаган стратегиялык артыкчылыктардын ичинен: 

- аз көмүртектүү экономикага өтүүнү тездетүү;

- туруктуу жана акылдуу шаарларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
 - кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү;
 - жаңы технологияларды колдонуу жана ишке киргизүү.
 Бул багыттар толугу менен Кыргызстан тарабынан колдоого алынып, жакын арада биздин өлкөбүздө ишке ашырылмакчы.

Жалпысынан 2019-жылы жогоруда көрсөтүлгөн демилгелерди жүзөгө ашырууга ЕРӨБ тарабынан берилүүчү 10,3 млн.гранттык жана 285,1 млн. зайымдык каражаттарды өздөштүрүү пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу