Иштеп чыгуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү каржылоо жөнүндө

Новости
06-Май 2019-ж.
4572

2019-жылдын 3-майында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Иштеп чыгуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү каржылоо жөнүндө Өкмөттүн буйругуна кол койду (мындан ары - Долбоор).

Долбоордун максаты, Бишкек жана Ош шаарларынын тышкары тамак-ашты кайра иштетүү жана тигүү чөйрөсүндө өндүрүштүк-өнөр жай ишин жүзөгө ашыруучу, ишкердик субъекттерге жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыя каражаттары менен камсыз кылуу жолу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат, аны 2019-жылдын 3-майынан баштап ишке ашыруу пландалууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу, өнөр жай чөйрөсүндөгү субъекттердин жалпы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле алардын финансылык колдоосунун натыйжалуу механизмдерин түзүү негизинде жергиликтүү рынокко жана экспортко түшүүчү продукциянын көлөмүн жана сапатын жогорулатуунун эсебинен республиканын экономикалык потенциалынын мындан аркы өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Долбоорду каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана финансы-кредиттик уюмдардын эсебинен ишке ашырылат.

Буйрук менен өнөр жай иштерин жүзөгө ашыруучу ишкер субъекттери үчүн бөлүнгөн жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарга жана кошумча шарттарга укугу бар өндүрүүчүлөрдү аныктоо үчүн так эрежелер каралган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу