КР Экономика министрлиги бизнес – коомчулугу алдында жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө отчет берди

Новости
03-Май 2019-ж.
5023

Бүгүн, 2019-жылдын 3-майында, Бишкек шаарында КР Экономика министри Олег Панкратовдун бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.

Министр: “Өкмөттүн отчету жактырылгандан кийин биз ишкерлер алдында министрликтин отчеттук жолугушуусун өткөрүүнү чечтик. Өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен “жандуу” жолугушуу биз үчүн ар дайым маанилүү. Биз сиздердин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, жүргүзүлүп жаткан реформаларга активдүү катышууга, конструктивдик кайтарым байланышына жана прогрессивдүү сунуштарга көңүл бурганыңыздарды баалайбыз. Бүгүн биз министрлик тарабынан ишкерлерди колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан маанилүү реформалар тууралуу айткыбыз келди”.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн экономикасында чакан жана орто бизнес туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүдө, ишкерлерди администрациялык басымдан коргоо камсыздалды, бийлик менен бизнес-ассоциациялардын биргелешкен өнөктөштүк өз ара мамилелери белгиленген, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө, өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү тармактарында жана региондорунда ишкерлердин иш-аракеттерин кеңейтүү үчүн шарттар түзүлдү.

Министр ишке ашырылган, министрликтин конкреттүү демилгелеринен төмөнкүлөргө токтолду: Бизнес-омбудсмен институтун түзүү; ишкерлерди текшерүүгө мамлекет тарабынан мораторий киргизүү; Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү; жалпы суммасы 12 млн. АКШ долл. инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында иштеп жаткан 15 долбоорлорду ишке ашыруу.

Бүгүнкү күндө жаңы кардиналдуу реформалар да ишке ашырылууда.

Кыргызстандын аймагында ортомчу компаниялардын мекемеси – принциптүү жаңы багытты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Алар үчүн пайдага салыктан башка салыктык төлөмдөрдү жокко чыгаруу механизми киргизилди, жана Кыргызстанда катталган ортомчу компаниясы аркылуу чет өлкөлүк компаниялардын ортосунда бүтүм жасалганда бул салыкты 3% га чейин төмөндөтүү киргизилди. Инвесторлор менен мамлекеттин ортосундагы талаш – тартыштарды натыйжалуу чечүү үчүн мыйзам долбоору иштелип чыкты-учурда өкмөттүн кароосунда турат. Бул тармактагы жөнгө салуучу саясатты Олуттуу жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берген лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдын долбоору иштелип чыкты. Экономика министрлигине караштуу МЖӨ борбору түзүлүүдө. Өлкөнүн түштүгүндө Ишкерлерди тейлөө борборунун ачылышына даярдыктар көрүлүүдө. Министрлик тарабынан ири масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда, Нарын-ЭЭЗ ишке киргизүү алкагында алкагында логистикалык борборду ачуу сыяктуу, экспортту колдоо программасы иштелип чыкты.

“Биз өлкөнүн экономикасын жараткан субъекттер катары ишкерлер менен натыйжалуу кызматташуу үчүн акырындык менен Министрликтин функцияларын контролдоочу-жөнгө салуучулардан консультациялык-көмөк көрсөтүүчүлөргө өткөрөбүз – деп белгиледи министр. Бүгүнкү күндө ар кандай бизнес-демилгелерди насыялоо, чакан ишканалардан баштап ири өндүрүштүк сунуштарга чейин көйгөйлөр чечилди. Ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемелерди түзүүдө жана аларды каржылоодо бизнеске көмөк көрсөтүү механизмдери киргизилген. Биз Сиздерден олуттуу жана кызыктуу демилгелерди күтөбүз! Азыр - бул өсүүнүн эң актуалдуу чекиттеринин бири”.

Ошондой эле министр ата мекендик ишкерлерди дүйнөлүк өнүгүү-санариптештирүү жана креативдик экономиканы өнүктүрүү багытындагы убакыт талаптарын жана актуалдуу тренддерди эске алуу менен бизнес – мамилелерди трансформациялоого чакырды. Ал министрлик да бизнес менен кызматташтыкта милдеттерди чечүүгө, моделдөөгө, ар бир демилгенин практикалык багытына долбоордук мамиле сыяктуу креативдүү экономика принциптерин колдонгонун белгилеп өттү.

Өзгөчө министр бүгүнкү күндө Кыргызстан ЕАЭБтин толук кандуу мүчөсү болуп саналаарын баса белгиледи – анткени апрель айынын аягында ЕАЭБ Кеңешинин катышуучу өлкөлөрдүн министрлеринин деңгээлинде болгон жолугушуусунда акыркы чектөөлөр алынып салынды.

Ал ата мекендик продукциянын чет өлкөлөрдүн жөнгө салуучу органдарында ветеринардык контролдон өтүшүнө тийиштүү болгон. Эми Кыргызстандын кызматтарына ветеринардык көзөмөлдөн өтүү ЕАЭБдин катышуучу-өлкөлөрүндө да таанылат.

КР экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Экономика министрлигинин ишке ашырылып жаткан реформаларын презентациялады. (Презентация - тиркемеде).

Жолугушуунун экинчи жарымы бизнес-коомчулуктун суроолорун жана сунуштарын талдоого арналды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу