ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу жөнүндө

Новости
25-Апрель 2019-ж.
5256

2019-жылдын 23-апрелинде Экономика министрлигинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Т. Нурашевдин, Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы А. Полозковдун, ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин аккредитация жана мамлекеттик контролду айкалыштыруу бөлүмүнүн кеңешчиси Н Майорованын катышуусунда “Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу” темасында тегерек стол өттү.

Аталган иш-чаранын максаты ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин укук колдонуу тажрыйбасын ар тараптан изилдөө жана Бирликтин алкагында соодада пайда болушу мүмкүн болгон техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча оптималдуу чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат.

Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология борборуна жана анын техникалык регламенттер жана стандарттар Улуттук маалымат фондуна, СМБ караштуу Сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунун сертификация жана сыноо жүргүзүүчү лабораторияларына барды.

Мындан тышкары, 24-апрелде И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университеттин студенттери үчүн ЕЭК өкүлдөрү тарабынан “Евразия экономикалык биримдигинде техникалык жөнгө салуу системасын түзүү жана өнүктүрүү” темасында лекция өткөрүлдү.

Белгиленгендей, рынокту көзөмөлдөө - адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуучу ченемдик укуктук актылардын же стандарттардын талаптарын милдеттүү түрдө сактоону контролдоонун маанилүү инструменти.

Мамлекеттик көзөмөл – мамлекет тарабынан белгиленген милдеттүү түрдө техникалык талаптарга шайкештикти баалоо формаларынын бири, демек, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдүн системалуу иши жакынкы жылдардагы КР негизги көзөмөлдөө органдарынын ишинин негизи болуп калышы керек. 

Бекитилген ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча продукцияларга контроль (көзөмөл) жүргүзүү үчүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги КР Өкмөтүнүн “Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө” токтому менен төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныкталды: КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу