Кыргыз Республикасында стандартташтыруунун улуттук системасын оптималдаштыруу жөнүндө

Новости
24-Апрель 2019-ж.
4621

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (СМБ) GIZ долбоорунун алкагында ALPHA Consulting GmbH (Германия) менен биргеликте Кыргыз Республикасында стандартташтыруунун улуттук системасын оптималдаштыруунун тоо-кен, мунайгаз жана машина куруу тармактарында, электр энергетикасы жаатында стандартташтыруу боюнча бардык кызыкдар тараптардын стандарттарын иштеп чыгуу процессин жакшыртуу жана ага активдүү катышуу сунуштарын киргизүү бөлүгүндөгү иштерди жүзөгө ашырат.

GIZ ALPHA Consulting GmbH develoPPP долбоору боюнча кызматташуу алкагында жана мындан аркы кадамдарын макулдашуу, ошондой эле стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерде мындан аркы иштерди талкуулоо жана 2019-жылдын экинчи жарымына инспекторлорду даярдоо графигин макулдашуу үчүн 2019-жылдын 18-19-апрелинде Кыргыз Республикасына ALPHA Consulting GmbH Генералдык директору, долбоордун жетекчиси Тамас Краузе, ошондой эле ALPHA Consulting GmbH 2 эксперти: Андрей Куприянов, Нурлан Кадыркулов келишти жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна барышты.

СМБ GIZ долбоорунун алкагында эл аралык ALPHA компаниясынын көмөгү менен стандартташтыруу боюнча улуттук техникалык комитеттердин (ТК) потенциалын жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу, окутууларды өткөрүү, практикалык тренингдерди өткөрүү, биргелешип иштеп чыгууну кошкондо ж.б. көптөгөн алардын иштерин өркүндөтүү боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда.

Иш-чараларды жана жолугушууларды өткөрүүнүн максаты, техникалык комитеттердин ишин талкуулоо жана стандартташтырууну жана техникалык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; Кыргыз Республикасында текшерүүлөрдү оптималдаштыруу үчүн өнөр жай коопсуздук инспекторлорун жана өнөр жай жабдыктарын даярдоо болуп саналат. 

Ошондой эле, ALPHA Consulting GmbH өкүлдөрү менен КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Ш. Нарбековдун жолугушуусу болду, анда мунайгаз, кен казуу, мунайхимия жана машина куруу тармактарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инспекторлорун окутууга жана потенциалын жогорулатууга кызыкдар экендигин билдирди.

СМБ кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү боюнча аталган долбоордун алкагында иштерди координациялайт, семинарларды, тренингдерди уюштурууда жана өткөрүүдө методикалык жана техникалык жардам көрсөтөт, теориялык жана практикалык билим берүүдө, окуп жаткан катышуучуларга карата критерийлерди иштеп чыгууда көмөк көрсөтөт, ошондой эле пландаштырылган иш-чараларды белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу